Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, объект күнүнө 2 миң тоннага чейин таштандыны өрттөп, ошол эле учурда 50 мегаватт жылуулук энергиясын иштеп чыгат деп күтүлүүдө. Шаар мэри Бакытбек Жетигенов долбоорду ишке ашыруу боюнча кытайлык компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эки тарап жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашты.