"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Ошто XIII Республикалык театр фестивалы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрына чейин Ош шаарында XIII Республикалык театр фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз ССРнин эл артисти Сүйүнбай Андабековдун 100 жылдыгына арналат.

Фестивалда өлкөнүн 14 театры бирден спектакль коёт. Анын ачылыш аземи 16-сентябрда саат 11:00дө С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтөт.