Ош шаарында жаңы муниципалдык базардын жанынан дагы бир ири соода жайы курулууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жаңы базардын жалпы аянты 5 гектарды түзүп, анда 1300дөн ашык соода оруну ачылат. Ал жерге учурдагы «Келечек», «Бостон» жана мөмө-жемиш базарларындагы соодагерлер көчүрүлүп жайгаштырылат.
Жаңы базарда алтын зер буюмдарды саткан дүкөндөр, акча алмаштыруучу жайлар иштейт. Ошондой эле эки ажаткана, эки ашкана жана кеңири унаа токтотуучу жай каралууда.

