Ош облусунун Кара-Суу районундагы Андагул айылында 150 орундуу Т. Шериев атындагы жаңы мектептин курулушу 85 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Объекттин ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилиши пландалууда.
Республикалык бюджеттен каржыланган мектеп эки кабаттуу болуп курулуп, үч блоктон турат.
Учурда иштер Курулуш министрлигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.