"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ошто жаңы сейил бак курулууда

Шаардык мэриянын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен Курманжан Датка жана Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сейил бак курулууда.

Жаңы сейил бакта таланттуу жаштар үчүн жайкы сахна, эс алуучулар үчүн отургучтар жана тапчандар, жарыктандыруу системалары орнотулат.

Буга чейин сейил бактын аймагында жайгашкан гүл базар, дүкөндөр жана тамактануучу жайлар алынып, жол кыймылы жана суунун жээги бошотулган.