"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар Коом

Ошто жаңы жылдык балаты жандырылды

Кечээ, 14-декабрда, Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык балатынын оту жандырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Балатынын бийиктиги 30 метрди түздү. Анын айланасында “Түндүк жарыгы” жарманкеси, тургундар жана коноктор үчүн сүрөткө түшүү аймактар, тамак-аш жана эс алуучу жайлар уюштурулду.