"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ошто жана Ташкентте жаштарга киберкоопсуздук сабактары өткөрүлдү

C5+1 Жаштар кеңеши жаштардын интернет коопсуздугу боюнча билимин жогорулатууга багытталган CyberSafe программасын ишке киргизди. Бул тууралуу долбоордун уюштуруучулары билдиришти.

Программага Кыргызстандан жана Өзбекстандан англис тилин билген 60 студент катышты. Алар 2025-жылдын сентябрь жана октябрь айларында Ош жана Ташкент шаарларында өткөн семинарларда киберкоопсуздук боюнча негизги түшүнүктөрдү өздөштүрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар реалдуу мисалдардын негизинде интернеттеги коркунучтарды аныктоо жана алардан коргонуу жолдорун үйрөнүштү.

Аталган Жаштар кеңешинин мүчөсү Айбийке Кубанычбекованын айтымында, бул программа жаштарга өздүк маалыматты жана коомду онлайн коопсуздук коркунучтарынан сактоону үйрөтөт.

Белгилей кетсек, C5+1 Жаштар кеңеши 2016-жылы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен түзүлгөн. Учурда анын курамында Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана Ооганстандан келген 49 мүчө жана 186 бүтүрүүчү бар.