Ош шаарында жасалма спирт ичимдиктерин даярдоо жана сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Оштогу жеке менчик үйлөрдүн биринде Тажикстандан жана Өзбекстандан аткезчилик жол менен алынып келинген алкоголдук ичимдиктерди сактап жүргөндүгү жана жасалма алкоголдук ичимдиктер мыйзамсыз чыгарылып, Ош, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун базарларына жакын жайгашкан кампаларга түшүрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.
Топтолгон материалдардын негизинде ушул жылдын октябрь айынын башында КР Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси «Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү» боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ош шаарында эки жаран турак жайды жана имаратты ижарага алып, жасалма спирт ичимдиктерин, анын ичинде ар кандай үлгүдөгү коньяк жана арактарды жасагандыгы жана даяр продукциялар ар кайсы дүкөндөргө жеткирилип, сатылып жаткандыгы аныкталган.
Соттун чечими менен шектүүлөрдүн жашаган жана иштеген жерлерине тинтүү жүргүзүлгөн учурунда 1613,95 литр спирт кошулган продукция алынган. Сатууга даяр болгон 1390 дан ашык ар кандай бөтөлкөдөгү алкоголдук ичимдиктер, 24 каробкадагы 100 граммдык (860 дөн ашык) бөтөлкөлөр, андан тышкары 780 дан ашык жасалма акциздик маркалар, арак бөтөлкөлөрүнүн 10200дөн ашык капкактары алынды. Алкоголдук ичимдиктерди даярдоо максатында спирт аткезчилик жол менен коңшу өлкөлөрдөн алынып келингени аныкталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын маалыматы боюнча, алынган бардык алкоголдук продукциялар үй шартында жасалган жана соттун чечими менен жок кылынат.
Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1969-жылы туулган К.Г. жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 1988-жылы туулган Т.А. кармалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

