Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгында жайгашкан Орозбеков көчөсүндөгү үйдө таңкы саат 3:30 чамасында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматка караганда, тилсиз жоо турак үйдүн биринчи (подвал) кабатынан тутанып, бат эле чатырга жайылган. Өрттү алгач кошунасы байкап, кызматтарга кабар берген.
Өрт өчүрүүчүлөр келген учурда үй толугу менен күйүп жаткан. Күйүк алгандардын жансыз денеси табылган. Тактоо маалында каза болгондордун 34 жаштагы аял жана анын беш баласы экени аныкталды.
Окуя болгон жерде учурда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, укук коргоо органдары жана тиешелүү кызматтар иш жүргүзүп жатышат. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.