"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Оштогу үч эмдүү 3 үй-бүлөгө батирлер тапшырылды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмдүү үч үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирлердин сертификаттарын тапшырды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.

Батирлердин сертификаттары Сатыбалдиев Саматбектин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген 3 эм наристелери Асылай, Ариет, Азиретке; дагы бир үй-бүлө Кудайкулов Рустамбектин үч эм балдары Сабина, Самира, Мединага; ошондой эле Маматов Медербектин үй-бүлөсүндөгү үч эм Рабия, Разия, Рафияга берилди.