"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Оштогу бир багыттуу жол эки тараптуу болуп кеңейтилди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен, А.Сүйүмбаев көчөсүнүн Алымбек Датка көчөсүнөн Атабеков көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Ал, бүгүн, 14-августта пайдаланууга берилди. Жол мурдагы бир багыттуудан эки тараптуу болуп кеңейтилди.

Ачылыш аземине шаардын мэри, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Алдыда жолдун эки четине тротуар салынып, жөө жүргөн жарандар үчүн шарттар түзүлөрү кабарланды.