Ош облусунда Саргалчаев көчөсүндө жайгашкан 1,4 гектар жер жана бүтпөй калган имараттын курулушу кайрадан жанданып, мектеп болуп салынат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы маалымдады.
Мектеп 275 окуучуга ылайыкташтырылат. Учурда кошумча окуу корпусунун курулушу жүрүп жатат.
Долбоорго ылайык, үч кабаттуу имаратта окуу класстары, спорт зал, ашкана каралган. Ошондой эле мектеп аймагына спорт жана оюн аянтчалары, суу кампалары, отказан жана жашылдандыруу иштери да киргизилген.
Курулуш үчүн каржы маселеси чечилип, 1-сентябрда колдонууга берилиши күтүлүүдө.