Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу менен Элеонора Турдубекова Ош облустук Надыр Шамурзаев атындагы куурчак театрынын директору болуп дайындалды. Аны эмгек жамаатына министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков тааныштырды.
Театрдын мурдагы жетекчиси Замирбек Райымбеков өз каалоосу менен кызматынан кеткен. Ал эми жаңы жетекчи үч айлык сыноо мөөнөтү менен ишке киришет.
Элеонора Турдубекова — маданият жана театр чөйрөсүндө көп жылдан бери эмгектенип келген искусствовед. Ал Казакстандын Жүргенов атындагы Улуттук искусство академиясын артыкчылык менен аяктаган. Бир катар театр жана маданий мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалап келген.

