Ош шаарындагы балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборун толук оңдоп-түзөө иштери уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.
Борбор дээрлик 40 жылдан ашык убакыт оңдоп-түзөтүүсүз иштеп келген.
Мэрия: «Имараттын абалы менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таанышып чыгып, толук оңдоо иши боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берген. Учурда борбордун ички бөлүгү жасалууда жана чатыры, терезелери, каалгалары алмаштырылып жатат. Аны менен катар коопсуз балдар ойноочу 2 аянтча курулууда», – деп билдирди.