"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Оштогу таштанды заводу быйыл курулуп бүтөт

Ош шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод быйыл курулуп бүтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ош шаарында Бишкекте иштеп жаткан таштанды заводуна окшош долбоор ишке ашырылат. Заводду куруу боюнча инвесторлор менен келишим түзүлгөн.

Данияр Амангелдиев белгилегендей, Бишкекке берилген бардык жеңилдиктер жана кепилдиктер Ош шаарына да каралган. Заводдон өндүрүлгөн электр энергиясын Энергетика министрлиги сатып алат.