"Эркин-Тоо"

Оштогу УКТ мүчөлөрүнө мунапыс берилгенби?

Жазаларды аткаруу кызматы Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлүмү боюнча кармалгандарга мунапыс жарыяланган деген маалыматты четке какты.

Эске салсак, интернет айдыңында буга чейин кармалган эки-үч шектүүгө мунапыс берилген деген маалымат тараган.

“Буга байланыштуу аталган маалымат чындыкка дал келбей турганын белгилейбиз. Алар мунапыс же ырайым кылуу процедурасынан өткөн эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн.

13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктерине издөө жарыяланган. Жыйынтыгында алты жаран кармалган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!