Ош облусунун аймагында кечээ 12-март күнү саат 09:11де катталган жер титирөөнүн кесепетинен дубан боюнча жалпы:
- 25 турак үй;
- 12 мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган.
Алай району боюнча:
- 13 турак үй;
- анын ичинен 1 турак үй кооптуу.
Жаңы-Алай айылында турак үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болгон.
- Кара-Суу районунда 12 мектеп, 12 турак үй, 1 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган.
Дубалында жаракалар пайда болгон социалдык имарат жана үйлөрдүн саны:
- Жоош айыл аймагында 7 мектеп, 1 бала бакча, 1 турак үй;
- Ала-Тоо айыл аймагындагы 1 мектеп;
- Датка айыл аймагындагы 3 мектеп;
- Мады айыл аймагындагы 7 турак үй, 1 үй бүлөлүк дарылоо тобу;
- Савай айыл аймагынан 1 мектеп, 3 турак үй;
- Баш-Булак айыл аймагынан 1 турак үй.
Аталган жерлерге райондук жарандык коргонуу комиссиясы барып, турак үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугу аныкталган.