12-март күнү саат 09:11де Ош шаарында болгон жер титирөө жөнүндө ӨКМ маалымат берип, азырынча жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын, кооптонууга негиз жок экендигин баса белгиледи.
Күчү 5 баллга жеткен жер силкинүүсү Ош шаарынан тышкары Ош облусунун Кара-Суу району (4 балл), Таштак, Нариман айылдарына чейин жеткен.