"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Оштун мэри мыкты бүтүрүүчүлөрдү сыйлады

Бүгүн, 7-июль күнү, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев ЖРТдан «Алтын сертификатка» ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү жана республикалык олимпиаданын байге ээлерин кабыл алып, акчалай сыйлык жана баалуу белектерди тапшырды.

Мэр бүтүрүүчүлөрдү жетишкендиктери менен куттуктап, жаштарды келечекте алган билимин өлкөнүн өнүгүүсү үчүн колдонууга чакырды. Ошондой эле окуучулардын сынактарга даярдаган мугалимдери да сыйланды.

Белгилей кетсек, быйыл Ош шаарынан 2 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» ээ болду. Алар:

  • Наватова Алина Рустамовна – “Купуев Академиясы” ЖЧК мектебинин бүтүрүүчүсү;

  • Надирбеков Абдусамат Надирбекович – “Сема” Ош лицейинин бүтүрүүчүсү.