"Эркин-Тоо"

“Оскар” сыйлыгынын 93үнчү тапшыруу аземи болуп өттү

Хлоя Чжанын «Көчмөндөрдүн жери» кинотасмасы эң мыкты фильм деп табылды. Башкы каармандын ролун ойногон актриса Фрэнсис МакДорманд «Эң мыкты аял ролу», ал эми кинотасманын автору Хлоя Чжао “Жылдын мыкты режиссеру” номинацияларында «Оскар» сыйлыгын алышты. Ал эми «Эң мыкты актер» сыйлыгы 83 жаштагы Энтони Хопкинске татыды.
Мыкты оригиналдуу сценарий үчүн сыйлык британиялык актриса жана режиссер Эмиральд Феннеллге «Келечектүү кыз» тасмасындагы эмгеги үчүн берилди. Даниялык режиссер Томас Винтербергдин эмгеги мыкты чет элдик көркөм тасма категориясында жеңишке жетсе, эң мыкты документалдык тасма деп «Менин мугалимим осьминог» табылды.
“Минари” тасмасында жараткан ролу үчүн түштүк кореялык актриса Юн Ё Джон «Экинчи пландагы мыкты актриса» номинациясында сыйлык алды.

Пример HTML-страницы