Сынчы, адабиятчы, котормочу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, «Манас» орденинин ээси Осмонакун Ибраимов менен эгемен өлкөбүздөгү күнгөй-тескей, учурдагы абал туурасында маек курдук.
Осмонакун Ибраимович, буюрса эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы улам жакындап келатат. Кандай болгондо да бул юбилей кыргыз эли үчүн чоң майрам, маанилүү маараке эмеспи. Сиз үчүн, эгемендиктин алгачкы жылдарында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген адам катары 31-август өзгөчө майрам болсо керек?…
Албетте, чоң майрам. Тактап айтсам, бул күн-бүтүндөй мамлекеттин туулган күнү, мамлекеттик суверенитетке жеткен күнүбүз, тарыхка алтын тамга менен жазыла турган дата. Тилекке каршы, пандемия, экономикалык кыйынчылыктар деп жатып бул маанилүү маараке ойдогудай өтпөй тургандай болуп турат. Анын үстүнө элдин да майрам тосуп шарактап, тебетейди көккө ыргыта тургандай маанайы болбой тургансыйт. Эмнеси болсо да 30жылдык жетим кыздын тоюндай жумгакталып калбаса болду.
Эмне үчүн антип ойлоп жатасыз?Өкмөттүкдеңгээлде Уюштуруу комитети түзүлгөн, алар даярдыкты көрүп жатпайбы?
Жок, менин айтканым ал эмес. Майрамды өткөрүү үчүн сөзсүз эле аскердик парад, “эмгекчилердин демонстрациясы” жана башка ушул сыяктуу уюштуруунун зарылдыгы жок. Дегеним, азыр дүйнөдө көп эле иштер онлайн режиминде жасалып жатат. Маселен, илимий конференциялар, симпозиумдар, тегерек столдор, конкурстар, окуучулардын, студенттердин катышуусундагы иш чаралар сөзсүз эле көзмө-көз катышууну талап кылбайт. Сөз деген бар. Информация деген бар.Талкуу, ой жарыштыруу, пикир алмашуу, илимий жыйынтыктарды чыгаруу, ар кыл идеологиялык иштер деген сыяктуу толгон-токой мүмкүнчүлүктөр бар. Менимче ММКларда, электрондук, басма, маалымат, интернет сыяктуу нечен ресурстарда көп иштерди жасасак болмок. Китеп басуу, марка чыгаруу, сувенирлер, видеофильмдер, документалдык тасмалар, брошюраларды чыгаруудеген бар. Айта берсең андай мүмкүнчүлүктөр өтө көп.
Өзүңүз бул майрамга, мурунку совет заманындагы термин менен айтсак, кандай “эмгектеги ийгиликтер” менен келдиңиз?
Эми Совет заманы да унутулгус, кызыктуу бир заман экен да. Ал эми өзүмдү айта турган болсом, 30жылдык мааракегекур кол келген жокмун. Китеп жаздым. Болгондо да кудум ошол 30 жылдыкка арнап “Кыргыз мамлекетинин жалпы тарыхы” (“Всеобщая история кыргызского государства”) деген монографияны чыгардым. Пандемиянын бир жакшы жери (эгер окумуштуу адам же жазуучу болсоңуз) — убакыт көбүрөөк болот экен. Китепке тээ байыркы замандардан ушул тапка чейинки мезгилди камтыдым. Энесай доору, кыргыздар менен гунндардын байланышы, Улуу каганат доору, Кокон хандыгы, Орусия императорлугу, Советтик тарых, эгемендик жылдар сыяктуу этаптардын баарын тизип, анализдеп, жалпылап, бир илимий концепцияга салып жазып чыктым. Башкача айтканда, 2000 жылдан ашуун саясий, маданий жана экономикалык тарыхты камтыдым. Бул эмгегим “30жылдыкка арналат” деген эпиграф менен чыкты. Экинчи жаңылыгым Москвадан ЖЗЛ (Жизнь замечательных людей) сериясынан чыккан “Чингиз Айтматов” деген биографиялык жазган китебим мындан азыраак эле убакыт мурун азербайжанча чыкты. Буга чейин китеп Астанада “Айтматов. Последний писатель империи” деген ат менен чыккан эле, түркчөгө да которулган. Украин тилинде Киевде басылган. Буюрса, эми өзбек тилинде чыгып калабы деген үмүттө турам.
Эми кайра эгемендикке келели. Ошол тарыхый китебиңизде эгемендик доордун эмне деген жакшысын жана бурушун атай алдыңыз?
Тилекке каршы, мактанган, көкүрөктү даңгыратаургулай турган жетишкендиктер азыраак. Эгемендиктин аты улук, татымы туздуу болду.Ошондой болсо да бир нерсени баса белгилегим келээр эле. Башка кошуналарга салыштырганда жетишкендиктерибиз жок эмес, чынында эле бар. Аны ошол кошуна мамлекеттерге каттаган мекендештерибиз эң сонун билет. Эркиндик, демократия, мамлекет тарабынан кысымчылыктын жоктугу, сөз эркиндиги, кошуналардын үч уктаса түшүнө кирбеген жарандык укуктар… ВОЗдун (Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму) статистикасы боюнча Кыргыз Республикасындагы жашаган эркектер Казакстандагы эркектерден көп жылдан бери бир жыл узагыраак жашачубуз. Өмүрдүн орточо узактыгы боюнча. Бирок, былтыртан бери ошол статистика жаман жагына кетти. Себеби, казактар азыр бизден бир жаш узак жашай баштады. Аялдар да бир жаш узак жашачу мурда. Мен окуп алып, абдан ичим күйдү.
Эмне себептен артта калдык? Билгендер барбы?
Себеп түшүнүктүү эле:турмушубуз начарлады. Эки, үч ирээт болгон “революция” же саясий төңкөрүш экономикага, чарбага, бизнеске аябагандай зыянын тийгизди. Канчалар сызга отурду, банкротко учурады. Нечендер жөн эле ак жеринен күйүп кетти. Мамлекет инвестициялык “ачарчылыкка” тушукту. Анан, албетте, баягы эле атың өчкөн коррупция. Ага кошумча мажирөө менеджмент, тез-тез алмашкан өкмөт, байма-бай эсти оодарган саясий кризистер. Айтор, айта берсек арман көп.
Айтканыңызга караганда, саясий жактан терең уйкудагы Түркмөнстан менен Тажикстан, ал гана эмес Казакстан менен Өзбекстан туура жолдо баратат дегендей таасир калууда. Туурабы?
Жок, андай эмес. Кудайга миң мертебе шүгүр, демократия бизде турукташып калган феномен. Кыргыз Республикасын ошолордогудай диктатурадан Кудай сактасын. Мен эмес, дүйнөлүк пресса «газы менен нефтиси суудай аккан Түркмөнстан менен Кыргыз Республикасынын карапайым калкынын турмушун салыштырып болбойт» деп жазып жатат. Чынында ошондой. Ага негизинен дал ошол кылычынан кан тамган диктатура, эркиндиктин жоктугу, адам укуктарынын тепселиши күнөөлүү. Маселен, Түркмөнстанда ун азыктары менен нандын тартыштыгы көптөн бери келаткан көрүнүш. Бизде, шүгүрчүлүк, андай коркунуч азырынча жок.
Дагы кандай жетишкендигибиз бар деген ойдосуз?
Чынын айтсам тескери “жетишкендиктер” абдан көп.Коррупцияны таптакыр ооздуктай албадык. Анткени, аны ооздукташтын жолун, методикасын өздөштүрө албадык. Эбак эле жазылып, айтылып, илимий жактан негизделип келаткан методика. Ошол методиканы кунт коюп окуп, практика жүзүндө турмушка ашырган лидер чыкпай жатат. Азыркы президентибиз жакшы эле аракетин жасап жаткансыйт, анткен менен, системалуу иш-аракеттер болсо туура болмок го деген ойдомун. Эмнеси болсо да экономика оң жагына кетсе болду. Экинчи жагынан саясий системабыз абдан коррупциялашкан система болуп калды. Мына, саясий партияларды эле алалы. Чын-чынында коррупцияга каршы күрөштү алып бара тургандар мына ошолор болчу. Иш жүзүндө биздин партиялар өздөрү нака ирип-чириген коррупциянын уюгу болуп калды.
Ошолкоррупцияны ооздуктоо боюнча сиз айткан методика менен иш алып барып, аны жүзөгө ашырган эл-журт, мамлекеттер барбы?
Албетте бар. Айталы, Грузия, Эстония, Финляндия, Прибалтика өлкөлөрү. Кичинекей Эстония коррупцияны жок кылып, Орусиядан эбак эле ат чабым озуп кеткен. Баса, ошол эле Эстония биз качантан бери какшап келаткан санариптештирүүнү эң мыкты деңгээлде чечип, азыр бүтүн Европага өрнөк көрсөтүп жатат.
Ооба, көйгөйлөрүбүз толтура, чечилбегендери да четтен чыгат. Андыктан, эмне кылуу керек? деген суроо туулат…
Мен, мисалы, мамлекетти мыкты президент же мыкты өкмөт башчы келсе эле оңдоп кетет дегенге таптакыр ишенбейм.Анын үстүнө Кыргызстанды оңдош, системага салып, туура жолго чыгарыш бир кишинин колунан келе турган иш болбой калды окшойт.Илим-билимдүү, зор тажрыйбалуу инсандарыбыз бар. Дүйнөнүн мыкты деген университеттеринен билим алган жаштарыбыз арбын. Ошолорду тартуу керек. Эң бир баа жеткис байлык акча эмес, билим, тажрыйба. Эң мыкты өнүккөн мамлекеттерден акча эмес, акыл сурашыбыз керек. Анткени, алардын баары биз баскан жолду басып өткөн. Маселен, мен Кытайдан кредит эмес, ошол акылды сурамакмын. Тагыраак айтканда, мамлекетти тез арада бутунан тургузуунун планын иштеп чыкканга жардам берүүсүн сурамакмын. Анткени,андагы пландоочулар Кытайдагы таптакыр итке минип калган провинцияларын 3 жылдык, 5 жылдык пландарды түзүп туруп, алдыңкы катарга чыгарып кетишкен. Мына ошол пландардын негизинде азыр бизге кошуна Синьцзян таанылгыс болуп өзгөрүп кетти.
Мен Шанхай Эл аралык университетинде 4 жыл лекция окуп, тез-тез каттап жүрдүм. Ошол университеттин профессорлору«планыңар барбы?»,- деп менден көп сурашты.«Кытайда дүйнөдөгү эң мыкты пландоочулар бар, ошолорго кайрылгыла, биздин жетекчилерден акча эмес, интеллектуалдык жардам сурагыла» дегендер да көп болду. Мен алардын оюна жүз пайыз кошулам. Плансыз эч нерсе жасабаш керек. СССРди улуу держава кылган 5 жылдык, 7 жылдык пландар болгонун, компартия өлкөдөгү жетектөөчү күч катары негизинен ошол пландардын кыйшаюусуз аткарылышын талап кылганын унутпашыбыз керек.
Осмонакун Ибраимович, учурда эмне иш менен алексиз?
Башынан эле Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде иштеп келатам. Профессормун. Кафедра башчысымын. Китеп жазам, журналистика менен алектенем.
Жазгүл КАРБОСОВА

