Отуну балыкка, жалыны көлмөгө айланган ыйык жайдан Харранга чейин

Ноябрь айында Кыргыз Республикасынын ЖМК өкүлдөрүнөн турган топ Түркиянын Стамбул шаарына, андан ары Шанлыурфага учтук. Ал жерден Казак, Азербайжан Республикаларынан жана Канададан келген журналисттер менен жолугушуп, өз мекенибизге кайткыча алар менен Түркиянын Сирия мамлекетине жакын жайгашкан Шанлыурфа жана Газиантеп шаарларындагы музейлерин, маданий мурастарын, байыркы шаарларын чогуу кыдырып жүрдүк.  Иш-чараны уюштурган Түркия Республикасынын Туризм жана маданият министрлиги менен Түркия туризм таанытуу жана өнүктүрүү (TGA) агенттигине ыраазычылык билдиребиз.

Азан жаңырган жашыл шаар

Шанлыурфа – Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан эң байыркы шаарлардын бири. Тарыхый булактарда “Эдесса” деп аталат. Шаарда негизинен түрк, араб жана күрт улуттары жашайт. Шаар эң сонун диний храмдары, балыкка толгон көлү жана саябан бактары, музейлери менен келген конокторду өзүнө тартат. Ноябрдын аягы болсо да бак-дарактар жапжашыл. Абанын температурасы 14-15 градус жылуу. Аба ырайы биздеги сентябрь айындай жылуу, жагымдуу. Шанлыурфада жайкысын абдан ысык жана кургак болгондуктан климатка жараша фермерлер пахта өстүрүп, мол түшүм алышат. Биз барган учурда талаада айрым жерлерде пахта буласы апапак бойдон терилбей турганын көрдүк. Шаардын сыртындагы айдоо аянттарында катар-катар олтургузулган зайтун менен мистенин дарактарынын абдан көптүгүнө жана алар жергиликтүү элдин эң негизги оокаты жана киреше булагы экендигине күбө болдук.

Шанлыурфа – Ибрахим пайгамбардын кичи мекени

Ибрахим пайгамбар ушул жерде туулган деген божомолдор айтылат. Шанлыурфанын еврей, христиан жана ислам тарыхы менен байланышы бар. Ошондой эле Ибрахимдин кичи мекени болгон деген тарыхы бар үчүн «пайгамбарлар шаары” деп аталат. Калкынын дээрлик көпчүлүгү мусулмандар, алардын басымдуу бөлүгү суннит багытындагы исламды карманышат. Шаарда намаздын убагы келгенде азан кату жаңырып турат. Кайсыл жерде жүрбө,көпчүлүк эркек кишилер колунан теспесин түшүрбөй, зикир чалып жүргөнүн көрөсүң.

Ыйык көлдөгү балыктарга жемт аштадык

Шанлыурфадагы зыярат кылуучу борбордук жай – Халил-Рахман мечити жана ага жанаша жайгашкан ыйык жана кол тийгис сазан балыгы сүзгөн Ибрахим көлмөсүнө барып зыярат кылдык. Аял кишилер жоолуксуз кирбейт. Балыктуу көл абдан кызыктуу жер. Балыктарды жергиликтүү эл жана барган туристтер эч качан кармабайт. Тескерисинче, аларга жжем таштап, тилек айтып, дуба кылып чыгышат. Анткени, уламыштарга караганда көл да, балыктар да ыйык деп эсептелинет. Легендада айтылгандай булл балыктар бир кезде отун болгон жана булл көлмөнүн ордунда чоң жалын күйүп турган. Фараон Немрут айылдын ар тарабынан отун чогултуп от жактырып,  Ибрахим пайгамбарды отко таштап күйгүзүүнү буйруган. Бирок, ошол мезгилде Жараткан ага жол бербей, отунду балыкка, жалынды кичинекей көлмөгө айланты деген кызыктуу легенда айтылат.

Шанлыурфадагы археология музейинде

Аймактын таш доорунан ислам мезгилине чейинки тарыхы чагылдырылган. Экспонаттардын саны боюнчаТүркиядагы эң чоң музейлердин бири. Алардын абдан көптүгүнөн 1987-жылы музейге жанаша жаңы имарат, андан кийин 2015-жылы дагы бир имарат курулган. Музейдин экспозициясында биз жогоруда сөз кылган Гөбекли-Тепе храмынын калдыктарынын майда-чүйдөсүнө чейин деталдаштырылган көчүрмөлөрү бар. Бул музейди кыдырып көргөн адамда Гөбекли-Тепе дөңсөөсүндөгү археологиялык объект толук таасир калтырат. Негизги экспонаттардын бири Балыклыгөлдүн жанынан табылган урфалык адамдын айкели. Ошондой эле Невали-Чориден табылган экспонаттар, суу сактагычтын астында калган конуштун артефакттары ар бир адамды кызыктырат. Музейдин мазмунунда– музейдин жаралуу тарыхы, Месопотамиядагы карапага чейинки неолит жана Урук деген биринчи шаары, Халавкерамикасы, коло доору, Осроен,  Жаңы Ассирия падышалыгынын мезгилдери бар.

Дүйнө жүзүн кызыктырган Гөбекли-Тепе

Шаар тарыхый окуяларга абдан бай. Алардын эң негизгиси Шанлыурфага жакын жердеги (12 км) биздин заманга чейинки 9000-жылдарга таандык неолит доорундагы Гөбекли-Тепе храм комплексин айтууга болот. Бул жерде биз менен кошо зыярат кылган жергиликтүү жана чет элдик туристтер да көп болду.

Түркиянын эң байыркы маданий мурасы болгон Гөбекли-Тепе 2018-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Тарыхый урандылар “тарыхый маалымдама” болгондуктан, бир чети ЮНЕСКОго катталгандан тартып булл аймака дүйнө жүзүнөн келген туристтердин саны абдан жогорулаган. Азыркы учурда төгөрөктүн төрт бурчунан Т түрүндөгү стелаларды өз көзү менен көрүүнү каалап келгендердин саны жана көрүүнү эңсегендер миңдеп саналат.

Неолит дооруна таандык конуш 1963-жылы Стамбул жана Чикаго университеттеринин адистеринин изилдөө иштеринин жүрүшүндө табылган.

Андан кийин Түркиянын маданият жана туризм министрлиги менен маданий мурастар жана музейлер башкы башкармалыгынын изилдөө иштерине уруксаты берилгенден кийин 1995-жылы Гөбекли-Тепенин аймагындагы казуулар Клаус Шмиддин жетекчилиги астында Германиянын археологиялык институтунун жана Шанлыурфа музейинин адистеринин катышуусунда жүргүзүлүп баштаган.

Казуу учурунда неолит дооруна таандык бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейин, салмагы 40 тоннадан 60 тоннага чейинки Т түрүндөгү жырткыч жаныбарлардын сүрөттөрү түшүрүлгөн стелалар чыккан. Ошондой эле ар кандай тарыхый экспонаттар, анын ичинде диаметри 8 метрден 30 метрге чейинки дүйнөдөгү эң эски храмдын урандылары, бийиктиги 65 см болгон адамдын эстелиги, ондон ашык чоң сыйынуу жайы, ошондой эле неолит маданиятынын өкүлдөрү тарабынан ритуалдык максатта колдонулган 200дөн ашык ташмамычалары табылган.

Дыйкандын табылгасы

1986-жылы айыл чарба иштери менен алектенген жөнөкөй эле дыйкан талаадан скульптуранын фрагментин таап алган. Аны маанилүү табылга деп эсептеп, Шанлыурфа шаарындагы археологиялык музейге өткөрүп берген. Бирок, учурунда дыйкандын тапкан ташына анчалык деле мани берилген эмес. Ал бир топ убактан кийин гана окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн Гёбекли-Тепенин сырларын ачууда резонанс жараткандыгы айтылат.

Археологдор адамзаттын эң байыркы диний имараты болгон Түркиянын түштүк-чыгышындагы Гөбекли-Тепе храм комплексинин аймагында казуу иштерин улантышууда. Окумуштуулардын айтымында Гөбекли-Тепе аймагындагы орхеологиялык казуу иштери дагы кылымдарга созулат. Ал акыркы неолиттин жана адамзат цивилизациясынын пайда болушунун белгиленген хронологиясын кайра карап чыгууга мажбурлайт. Аларды сактап калууга жана келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана бардык аракеттерди жасашарын белгилешет.

Харран шаарындагы үйлөргө 300 жыл

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Шанлыурфа шаарындагы Сирия мамлекетинин чек арасынан 20 чакырым алыстыкта байыркы эски Харран шары жайгашкан. Анын атын “күн күйгөн жер” деп которсо болот. Ал өткөн мезгилдин эстеликтери менен эмес, адаттагыдан тыш өзгөчө архитектурасы менен белгилүү. Ар бир бөлмөнүн үстүндө конус сымалчатыры бар, бир кабаттуу үйлөр. Жайында салкын, кышында жылуу. Азыркы учурда булл үйлөр туристтер үчүн экспонат бойдон калууда.  Жашоочулардын басымдуу бөлүгү 2-3 чакырымдай алыстыкта жайгашкан жаңы конуштарда турушат. Ылайдан салынган үйлөрдүн биринде жашаган Решад мырзага кайрылганыбызда ал: “ Ата-бабаларымдан калган үйдү мен ыйык көрөм. Бул жерде он эки жашымдан бери жашайм. Чатыры конус сымал булл үйлөргө 300 жыл болду. Дүйнөнүн үч гана жеринде бар. Бири Харран шаарында, экинчиси Сирияда, ал эми үчүнчүсү Италиянын Альберобелло районунда,”- деп ата конушун эч качан таштабай турганын айтты. Шанлыурфадагы археология музейинин залдарынын биринде булл үйлөрдүн көчүрмөсү коюлган.

Бактыгүл Кулатаева

Бишкек-Шанлыурфа

(уландысы бар)

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст