"Эркин-Тоо"

ОТУЗ ЖЫЛ НАРКТУУЛУГУН САКТАГАН КЫРГЫЗ СОМУ

Кыргыз сомунун жаралышы

Мындан туптуура 30 жыл мурун эгемендүү Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп өзүнүн улуттук валютасы-кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизүүсү өлкөдөгү өтө маанилүү тарыхый окуя болгон. Албетте кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизүү оңойго турган эмес. Адегенде бул олуттуу маселенин айланасында болуп көрбөгөндөй талаш-тартыштар жүрүп, өзүбүздүн улуттук валютабыздын жүгүртүүгө киргизилишине карамандай каршы чыккандар чекеден чыккан. Бул табигый көрүнүш болчу. Бирок, өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында өлкөдө экономикалык баш аламандыктын арааны ачылып, гиперинфляция өкүм сүрүп, андагы рубль акчасынын куну кетип, самандай сапырылып турган учурда куру кагазга айланып бараткан сансыз акча эмиссиясы менен салыштырмалуу айтканда биздин кичинекей кыргыз мамлекетинин ресурстарын тышка чыгарып кетүү коркунучу жаралган эле. Анын үстүнө жаңыдан жаралган эгемендүү кыргыз мамлекетинин өзүнүн улуттук валютасына ээ болуусу жана өндүрүштүк жаңы мамилеге өтүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу.

Мына ушундай кырдаалды кыргыз өкмөтүнүн жетекчилери, атап айтканда Насирдин Исанов жана Турсунбек Чынгышев, ошондой эле көрүнүктүү экономисттер, банк ишмерлери алдын-ала түшүнүп, абалды баалоо менен улуттук валюта- кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизүү боюнча жасаган чечкиндүү кадамдары тарыхый болуп калган. Ошого карабастан алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр адегенде кыргыз сомунун жүгүртүүгө  киргизилишин байкоочу катары көз салып турушкан болчу. Бирок көп узабай КМШнын бардык өлкөлөрү өздөрүнүн улуттук валюталарын тез арада жүгүртүүгө киргизүүгө ашыгышкан. Ал эми өз убагында жүгүртүүгө киргизилген кыргыз улуттук валютасы расмий төлөм каражаты катары функциясын ийгиликтүү аткаруу менен анын оң натыйжасы дароо эле сезиле баштаган. Бара-бара мезгил улуттук өз валютабыздын жүгүртүүгө киргизилишинин тууралыгын ырастады.

Ошентип, 1993-жылдын 10-майында улуттук – валюта кыргыз сому жүгүртүүгө киргизилип, ал Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы расмий төлөм каражаты болуп, анын рубль менен удаа колдонулушу беш күнгө гана созулуп, 1993-жылдын 14-майынан тартып кыргыз сому жүгүртүүдөгү Кыргыз Республикасынын жападан жалгыз төлөм каражаты болуп калган.  Бүгүнкү күндө кыргыз сому эң мыкты корголгон, туруктуу, дизайны кооз валюталардан болуп эсептелет жана башка валюталар арасында өзүнүн татыктуу орду бар экенин көрсөтүүдө.

Кыргыз Республикасынын банкноттору атайын басма технологиясынын акыркы жетишкендиктерине ылайык үч деңгээлдеги ишенимдүү коргонуусу менен даярдалып чыгарылууда.  Ар кандай өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун маанилүү көрсөткүчү улуттук валютасынын ишенимдүүлүгү, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баа туруктуулугу болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө кыргыз сому мына ушундай сапаттарга толук ээ.

Кыргыз акча мамилелеринин тарыхы

Эгерде тарыхка кайрылсак, кыргыз акча мамилелери 8-кылымдан тартып Жетисууда башталгандыгы тууралуу маалыматтар бар. Кыргызстанда дыйканчылык жана шаар куруу тармактары өнүгө баштагандыгына байланыштуу азыркы Токмоктун жанындагы Ак-Бешим шаарчасында өз акчаларын жасап чыгаруу зарылдыгы келип чыккан. Кыргызстандын аймагында акчаны каңдап жасоо Караханиддер династиясынын башкаруу убагында-10-11-кылымдарда кеңири орун алгандыгын  Чүй жана Талас өрөөндөрүндөгү археологиялык табылгалар айгинелеген. 19- кылымдан тартып, кыргыздар Кокон монеталарын жана Россия акчаларын пайдаланышкан. ХХ кылымдын аяк ченинде гана республикабыз көз карандылыкка жетишип, эгемендүүлүк алгандан тартып, өзүбүздүн улуттук валютабыз – сомго ээ болдук.

Кыргыз нумизматикалык монеталары — кыргыз сомунун аброюу

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алгачкы нумизматикалык коллекциялык алтын, күмүш монеталарын 1995-жылы эл аралык чоң окуяга – Манас эпосунун 1000 жылдыгына арнап чыгарган.  Бүгүнкү күндө Улуттук банк  жалпысынан 63 коллекциялык монеталарды чыгарды. Анын ичинде: – 4 алтын, 46 күмүш, 11 жез-никель жана 2 мельхиор монеталары. Алтын монеталардын номиналы – 100 сом жана 200 сом, күмүш монеталардын номиналы – 10 сом, жез-никел монеталардын номиналы – 1 сом, мельхиор монеталардын номиналы – 5 сом. Кыргызстандын коллекциялык монеталары сувенир же нумизматикалык баалуулук гана болуп эсептелбестен, маалымат булагы болуп да саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө байланыштуу маданий эстеликтер, маанилүү даталарды даңазалоо, маданият жана спорт жаатында жетишкендиктерди, улуттук үрп-адаттарды жана оюндарды кайра жандандыруу, Кыргызстанда жок болуп бара жаткан флора жана фауналардын түрлөрүн жайылтуу максатын көздөйт.

Кыргызстандын коллекциялык монеталарына болгон кызыгуу жыл сайын артып келет. Бүгүнкү күндө аларды нумизматиканы кызыктуу хобби катары көргөн кесипкөй-коллекционерлер гана сатып албастан, жөнөкөй жарандар да кызыгуусун артып инвестиция катары сатып алып жатышат.

КРУБ 2023-жылдын апрель айында “Сомго 30 жыл”, “Тай туяк” деп аталган коллекциялык күмүш монеталарды жарыкка чыгарды. Мындай монеталарды чыгаруунун тарыхый мааниси бар болчу. Себеби кыргыз эли  19-кылымда “Тай туяк” төлөм каражатын колдонгондугу тарыхта белгилүү. Ошондуктан кыргыз сомунун 30 жылдык маарекесине карата мындай монеталарды чыгаруу бир жагынан символикалуу болсо, экинчи жагынан эл аралык монеталар чөйрөсүндө ал өзүнүн кайталангыс көркөм дизайны менен кыргыз сомунун аброюн көтөрмөк.

Мындан сырткары Улуттук банк тарабынан улуттук валюта – кыргыз сомунун 30 жылдык маарекесине карата 200, 500, 1000 сом номиналындагы банкноттордун жаңы сериясын жүгүртүүгө чыгарылды. Мындай жаңы банкноттор акча пайдалануучуларга жакшы маанай тартуулашы да талашсыз.

30 жылдык маареке Эл аралык конференция менен коштолду

Кыргыз сомунун 30 жылдык маарекесине карата Улуттук банк   2023-жылдын 19-майында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Чакырыктардан жаңы мүмкүнчүлүктөргө” деп аталган Эл аралык конференциясын өткөрдү. Бул Эл аралык конференциянын ишине Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төрагасы Эльвира Набиуллинанын, Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Галымжан Пирматовдун, Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Маморизо Нурмуратовдун, Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордандын, Кыргыз Республикасындагы Эл аралык валюта фондунун өкүлү Тигран Погосяндын, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Наквинин, Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкция банкынын адъюнк директору, улук банкири Жылдыз Галиеванын ж.б. чет өлкөлүк банк адистеринин катышуусу жана алардын жасаган кенен мазмундуу докладдары конференциянын эл аралык статусун бекемдеп, анын олуттуулугун арттырды жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эл аралык аброюунун жогору экендигин көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Кеңешович Бөкөнтаев кириш сөзүндө “Кыргыз сому жаш республика үчүн татаал социалдык-экономикалык кырдаалда жана рыноктук реформалар жүргүзүлүп жаткан учурда жүгүртүүгө киргизилген. Кыргыз Республикасы рынок экономикасына өтүп жаткан учурда улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизүү чечими өлкөдө акчаны көз карандысыз жөнгө салууну түптөгөн негизги инструмент  менен камсыз кылган. Артка көз чаптырсак, мындай кадам Кыргызстанга көз карандысыз экономикалык саясатты жүргүзүүгө жана 90-жылдардын башында инфляциялык процесстерди турукташтырууга шарт түзүп берген деп айтууга болот. Басып өткөн ушул отуз жыл ичинде Кыргыз Республикасында экономикалык процесстер жана финансы сектору кыйла өзгөрдү. Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүү факторлорунун системасы финансы системасынын ишинде түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн жана модификациялардын алкагында улам өзгөрүп турган. Өлкөнүн финансы системасынын өнүгүшүнө жараша Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы да акча-кредит саясатын натыйжалуу жүргүзүү үчүн ишенимдүү каражат катары кызмат кылып, туруктуу төлөм каражаты болуу менен экономиканын толук кандуу иштешин жана өлкөнүн финансы-кредит мекемелеринде сом түрүндө аманаттардын үзгүлтүксүз өсүү динамикасын камсыз кылды.

Улуттук валюта-сом, өзүнүн туруктуулугу, коргоо өзгөчөлүктөрү сыяктуу эле дизайны менен да эл аралык сынактарда жана көргөзмөлөрдө жогору бааланып, башка валюталар катарында өзүнүн татыктуу ордун ээлеп келе жатат.

Бүгүнкү күндө кыргыз сому совет мезгилинен кийинки мейкиндиктеги эң эле туруктуу валюталардан бири болуп саналат, ал экономикада жана дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан кризистик жагдайлар менен толкундоолорго карабастан жогору ишенимдүү төлөм каражаты экендигин дале тастыктоодо.

Азыркы инфляция жогорку болуп турган учурда баа туруктуулугун колдоо биздин артыкчылыктуу багытыбыз экендиги талашсыз.

Финансы чөйрөсүндөгү мурунку инновациялык көрүнүштөргө салыштырганда жаңы технологияларды жайылтуунун ыкчам өсүшүнөн улам, тобокелдиктерди жөнгө салуу маселеси татаалдашып, туруктуулукту сактоо жагында жаңы чабал жактар пайда болууда. Ошентип финансы системасында санариптештирүүнү күчөтүү жаңы чакырыктарды жаратып, ошол эле учурда туруктуу экономикалык өнүгүүнү күчөтүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн пайда кылууда”-деди.

Конференциянын ишине катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Азыгалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев жана Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Й.Томас  куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүштү.

Эл аралык конференциянын программасында туруктуу экономика жана экономиканы санариптик транцформациялоо темаларына арналган эки сессиялык блок каралган. Биринчи сессиянын алкагында “Экономиканы трансформациялоо шарттарында акча-кредит саясатынын ролу” темасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев, Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төрагасы Эльвира Набиуллина жана Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Галымжан Пирматов баяндама жасашты.

Инфляциянын глобалдуу өсүшү, анын Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн акча-кредит саясатынын негиздерине таасири темасы Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Маморизо Нурмуратовдун жана Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Тигран Погосяндын баяндамасынын өзөгүн түздү.

Мындан тышкары катышуучулар туруктуу экономиканы өнүктүрүү инструменттери катары санариптештирүү жана “жашыл финансы” маселелерин, ошондой эле глобалдуу өнүгүү процессине өтүүдө өндүрүштүн калдыктарын мүмкүн болушунча жокко чыгаруу боюнча Борбордук Азиянын көйгөйлөрүн талкуулашты.

Экинчи сессиянын жүрүшүндө катышуучулар финансы технологиялары, финансы системасын санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары, ошондой эле борбордук банктардын санарипвалютага, финансы рыногун жөнгө салууга киберкоопсуздукка байланышкан келечекти талкуулоодон тышкары , IT тармагындагы кадрлар потенциалын, анын ичинде технологиялар чөйрөсүндөгү аялдардын ролу жөнүндө сөз кылышты.

Конференцияны жыйынтыктап жатып К. Боконтаев өз сөзүндө “Дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр экономикалык жана финансылык толкундоолорго алып келип, бүткүл дүйнө жүзүндө экономикалык өнүгүүгө карата тобокелдиктерди жаратууда, мындай кырдаалда өкмөттөр жана борбордук банктар тышкы таасирлерге туруштук берүүнү жогорулатуу үчүн алдын-ала аракет кылуусу зарыл.” – деп белгиледи. “Эл аралык конференцияны уюштуруп жатып, биз биргелешкен талкууларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу, ошондой эле ар бирибиздин өлкөбүздө ишке ашырууга мүмкүн болгон иш чаралардын негизин түзүү максатында саясатты иштеп чыгууга жооптуу адамдарды, изилдөөчүлөрдү жана практиктерди чакырууну туура көрдүк”,- деп баса белгиледи.

Конференциянын акырында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.Бөкөнтаев катышуучуларга кызыктуу жана мазмундуу баяндамалары үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындай форматта пикир алмашуу өз натыйжасын берет жана мындан ары да улантыла тургандыгына терең ишенимин билдирген.

30 жылдык маареке салтанатуу чогулуш менен жыйынтыкталды

2023-жылдын 9-июнунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин  30 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулуш Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрүнүн, финансы-кредиттик уюмдардын, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, Улуттук банктын ж.б. өнөктөштөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

Чогулушту ачуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев кыргыз сомун жүгүртүүгө жаш республикабыз өтө татаал социалдык-экономикалык шартта рыноктук реформалар жүзөгө ашырылып жаткан учурда кийирилгендигин белгиледи. Ал учурда өлкөбүздө кулачын жайып жаткан гиперинфляцияга бөгөт коюу үчүн тез арада чечкиндүү чечимдерди кабыл алуу керек болчу. “Бүгүнкү күндө кыргыз сому туруктуу төлөм каражаты болуу менен экономиканын толук кандуу иштешин жана өлкөнүн финансы-кредиттик мекемелерин сомдук салымдарынын тынымсыз өсүшүн камсыз кылууда”-деди К.Боконтаев.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизгенибиз өлкөбүздүн көз карандысыз өнүгүү жолун аныктагандыгын жана өз алдынча акча-кредит саясатын жүргүзүүгө шарт түзгөндүгүн белгилеп, 30 жылда кыргыз сому кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн туруктуулугунун символу жана өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатынын башкы элементи болуп калгандыгын айтты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыз сомун киргизүү процессинде катышкан бардык адамдардын – ошол учурдагы Улуттук банктын төрагасы, маркум Нанаев Кемелбек Касымкуловичтин, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Абдуманапов Эмил Садыковичтин, премьер-министрлер – Исанов Насирдин Исановичтин жана Чынгышев Турсунбек Чынгышевичтин, вице—премьер-министр Койчуев Турар Койчуевичтин өлчөөсүз эмгегин эскерип, валютаны кийирүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө, сүрөтчүлөргө, тарыхчыларга жана экономисттерге ыраазычылыгын билдирди. Мындан сырткары ал Кыргыз Республикасынын финансылык сектору, улуттук төлөм жана банк системасы дүйнөлүк финансы-экономикалык кризистин таасирине карабастан өзүнүн туруктуулугун көрсөтүү менен өнүгүүсүн улантууда – деди. Бул жерде Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн  акча –кредит саясатынын ролуна, ошондой эле финансы рыногунун адистеринин ишке карата жасаган абийирдүүлүк жана кесипкөйлүк, жоопкерчилик менен жасаган мамилесин белгилей кетүү кажет экендигин айтты. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Улуттук банктын биргеликте жүргүзгөн саясатынын натыйжасында макроэкономикалык стабилдүүлүк жана бюджеттин туруктуулугу камсыздалууда. Каржы рыногунун өнүгүүсүнө таасир эткен эң негизги фактор  — бул калктын ишеними. Жарандар финансылык продукцияны керектөөчү катары каржылык уюмдардын ишине баа берет. Ошондуктан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана элдин ишенимин андан ары жогорулатуу үчүн дүйнөлүк тенденциялар шайкеш келген каржылык технологияларды киргизүү жолу менен калктын ишенимин мындан ары ары жогорулатуу зарыл” – деди президент Садыр Жапаров.

Албетте кыргыз сомунун телчигип, туруктуу валютага айланашына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредит боюнча жүргүзгөн туура саясаты өтө маанилүү ролду ойногон.

 

Абдимухтар АБИЛОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!