Бишкектеги “Дордой-Офтальмик сервис” микрохирургиялык медицина борборунун 30 жылдык маарекесине арналган Офтальмологдордун Ысык-Көл эл аралык конгресси касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде 27-28-июнь күндөрү болуп өттү. “Дордой-Офтальмик сервис” медициналык борбору мындан туптуура 30 жыл мурун республикабызда биринчилерден болуп ачылган көз микрохирургия клиникасы болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө бул борбор көз ооруларына толук диагностика жүргүзүү менен офтальмологиялык операциялардын бардык түрлөрүн жасай турган көздүн микрохирургиялык алдыңкы клиникасына айланган. Жогорку технологиялык деңгээлдин жана бүгүнкү күндөгү офтальмологиянын стандарттарына шайкеш келишинин натыйжасында бул борбор көздүн көп ооруларын профессионалдуу дарылоого жөндөмдүү. Медициналык жамааттын профессионалдуулугу жана адистердин жогорку квалификациясы бул борбордун башкы артыкчылыгы болуп эсептелет.
“Дордой-Офтальмик сервис” көз микрохирургиялык борборунун бүгүнкү күндөгү деңгээлге жетишине анын башкы директору жана уюштуруучусу, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ардактуу профессору, КРнын эмгек сиңирген врачы, КРнын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Асизбек Эшмамбетович Эшмамбетовдун эмгеги зор экендиги талашсыз. Аны бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлдеги көрүнүктүү офтальмологдордун бири десек болот. Ал офтальмология илиминин артынан түшүү менен жогорку технологиялык ыкмаларды, атап айтканда “Кыргыз окумуштууларынын теоретикалык иштеп чыгуулары жана практикалык тажрыйбалары” аталышындагы жамааттык эмгекке авторлош болуу менен Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 2010-жылы Берлин шаарында өткөн Бүткүлдүйнөлүк офтальмологдор конгрессинде эксклюзивдүү эмгек катары бааланып, сериялык түрдө чыгарыла баштаган А.Ботбаевдин көздүн чечекейинин жасалма модели “Дордой-Офтальмик сервис” медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетовдун жетекчилиги астында ушул борбордо биринчи болуп пайдаланууга берилгендигин баса белгилеп айтуу керек.
Асизбек Эшмамбетов көптөгөн офтальмологдордун эл аралык конференцияларына катышып, докладдарды жасап келген жана өз демилгеси менен Бишкек шаарында, Ысык-Көл жээгинде дүйнөлүк көрүнүктүү офтальмологдордун катышуусунда ири илимий иш-чараларды өткөрүүнү баштаган. Жакында кыргыз жергесинин бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өткөн офтальмологдордун эл аралык конгресси да мына ушул илимий иш-чаралардын уландысы болуп эсептелет.
Бул конгрессте адегенде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун төмөндөгүдөй мазмундагы куттуктоосу уктурулду:
“Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көңүлүн сөз ачат” дегендей көз адамдардын негизги сезүү органдарынын бири болуп саналат. Андыктан ага кам көрүп, ар бир адамдын көрүү мүмкүнчүлүгүн сактап калууга аракет кылган көз дарыгерлеринин иши ары татаал, ары сыймыктуу иш. Мына ушул багытта иш алып барган, көптөгөн адамдардын шам чырагын жандырган “Дордой-Офтальмик сервис” микрохирургиялык борбордун кылган кызматы кыргыз элине, баарыбызга белгилүү. Кыргызстанда гана эмес жалпы Борбор Азиядагы белгилүү медициналык жайлардын эң алдыңкы үлгүсү катары саналган мекеме заманбап технологиялык индивидуалдуу көз протездерин жасоону лабораториялык жол менен иштеп келе жатат. Бул медициналык борборго кайрылган миңдеген жарандарыбыздын көз ооруларын айыктырган клиника гана болуп эсептелбестен илим изилдөө жайы катары, ошону менен катар эр аралык байланыштарды да чыңдап, көз дарыгерлеринин башын бириктирген бир топ иш-чараларды, түрдүү симпозиумдарды өткөрүп келе жатасыздар. Бул сиздердин талыкпаган аракетиңиздер, чоң мээнетиңиздер менен жасаган иштериңиздердин жемиши деп билем.
Ысык-Көлдө өтүп жаткан Конгресс офтальмологиялык жардамды Кыргызстанда гана эмес, катышуучу өлкөлөрдө да жакшыртууга өз салымын кошот. Конгрессте алынган маалымат, тажрыйба алмашуу жана офтальмологиядагы актуалдуу маселелерди талкуулоо сиздердин мындан аркы илимий-практикалык ишиңиздерге пайдалуу болот деп ишенем.
“Дордой-Офтальмик сервис” көз микрохирургиялык борборунун жамаатына жана жалпы офтальмологиялык коомчулукка жаңы технологияларды, илимий жетишкендиктерди жана бекем өнөктөштүктү ийгиликтүү ишке ашырып, ар бир бейтаптын жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалайм.
Терең урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Тургунбек уулу Нурланбек.”
КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун куттуктоосу да конгресстин катышуучуларын кош көңүл калтырган жок.
“Урматтуу мырзалар жана айымдар, алыстан келген кадырлуу коноктор. Өзүмдүн атымдан жана Кыргыз өкмөтүнүн атынан сиздерди биздин берметибиз – Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан офтальмологдордун Эл аралык Ысык-Көл конгрессинин ачылышы менен чын дилимден куттуктайм. Ошондой эле бүткүл офтальмология коомдоштугун өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасында ийгиликтүү менчик бизнестин мыкты үлгүсүн көрсөткөн, Кыргызстанда биринчи болуп ачылган “Дордой-Офтальмик сервис” көз микрохирургия борборунун 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул күн жөн гана даталуу күн болуп эсептелбестен, бул күн “Дордой-Офтальмик сервис” медицина жамаатынын профессионализмди, адамдык сезимталдыкты көрсөтүү менен басып өткөн байсалдуу жол да болуп саналат. Сиздердин артыңыздар менен он миңдеген кишилер дүйнөнүн кооздугун, көркөмүн жана сапатын толук көргөнгө мүмкүнчүлүк алышты.
“Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү, урматтуу Аскар Мааткабылович Салымбековдун жетекчилиги астында сиздердин борбор жогорку технологиялар интеграциясынын, социалдык чөйрөгө илимий мамиленин символуна айланды. Ал ошондой эле жеке менчик клиниканын элге жеткиликтүү, заманбап жана бейтаптар үчүн багытталгандыгын далилдөө менен Кыргызстандын эл чарбасы үчүн маанилүү үлгү болуп калды. Бүгүнкү күндө өтүп жаткан бул эл аралык конгресс адистерди бириктирүү, тажрыйба алмашуу, жаңы чакырыктарды, чыгармачылык автордук чечилиштерди талкуулоо үчүн уникалдуу аянт болот. Мен конгресстин жемиштүү иши илимдин өнүгүшүнө, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, эң башкысы жарандардын ден соолугун чыңдоого баалуу салымын кошоруна ишенем. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саламаттыкты сактоо системасын модернизациялоого, медицина кадрларын даярдоого, жаңы технологияларды өркүндөтүүгө жана тармакты чыңдоого, ошондой эле “Дордой-Офтальмик сервис” сыяктуу уюмдарга айрыкча көңүл бурат.
Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин орун басары Э.Байсалов “Дордой-Офтальмик сервис” медициналык борборунун жамаатына жана анын жетекчилигине күжүрмөн эмгеги, профессионалдык жетишкендиктери, илимий ачылыштары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Россия Федерациясынын Уфа шаарындагы көз оорулары илим-изилдөө институтунун директору, профессор Мухаррам Бикбоев минтип айтты:
“Чынында эле бүгүнкү өтүп жаткан конгресс биз үчүн өтө олуттуу окуя. Анткени бул конгресс “Дордой-Офтальмик сервис” борборунун 30 жылдыгына арналып отурат. Мен мурунку совет мамлекети орун алган мейкиндикте, ошондой эле башка өлкөлөрдө да “Дордой-Офтальмик сервис” сыяктуу илимге көңүл бурган, конгресске ар кыл эл аралык уюмдардан ушунча көп офтальмологдорду катыштырган бир да клиника жок деген оюмду билдиргим келип отурат. Урматтуу Асизбек Эшмамбетович, мен сиздин республиканын калкына офтальмологиялык жардам көрсөткөн мыкты уюштуруучу экениңизди түшүнөм, бирок сиз мыкты илимпоз да болуп эсептелесиз. Анткени сиз бир гана клиницист болбостон, биз чогулуп жаткан конгресстердин, конференциялардын деңгээлинде гана өлкөдө офтальмологиялык жардамды алга жылдырууга мүмкүн экенин түшүнгөн улуу окумуштуу да болуу керек экенин жакшы түшүнөсүз. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө, ошондой эле Кыргызстанда офтальмология алдыга карай ири кадамдарды таштоодо. Мен сиз жасап жаткан иштер менен кабарым бар. Сиздин хирург уулуңуз менен да таанышмын, ошондой эле сиз жетектеген клиника жогорку заманбап технология менен жабдылганын билемин. Сиздин клиникада жогорку квалификациялуу адистер эмгектенип жатышат. Алардын кесиптик деңгээли дүйнөлүк деңээлде экенин да айтып өткүм келет. Бул эң башкысы. Ошондуктан сиздин клиниканын жамаатын, жеке өзүңүздү, Кыргызстандын жалпы офтальмологиясын 30 жылдык мааракеңиздер менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бул олуттуу окуя бизди, албетте сиздерди жаңы ийгиликтерге шыктандырат. Мен өлкөнүн калкына офтальмологиялык жардам көрсөтүү үчүн республикада биринчи болуп уюшулган клиника болгонуңуздарды жаңыдан эле билип отурам.
Өлкөнүн кызыкчылыгы жана калкка жардам көрсөтүү үчүн офтальмологиялык кызматты ачуу үчүн сиз сыяктуу таланттуу окумуштуу жана уюштуруучу гана болбостон жүрөгү чоң, жан дүйнөсү өтө бай улуу адам да болушу керек. Мен сизди куттуктайм, ден соолук, элиңиз үчүн кызмат өтөй турган узун өмүр каалайм“.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева өзүнүн куттуктоо сөзүндө өз атасы ушул клиникадан 70 жашында көзүнө операция жасатып, 95 жашка толгонго чейин китепти көз айнексиз окуп жүргөнүн айтып элди таң калтырды.
Мына ушундай жалындуу куттуктоолордон кийин конгресс өз ишин улантты. Офтальмология жаатында изилденип даярдалган ар кыл темадагы докладдар окула баштады. Адегенде көздүн глаукома, катаркт, роговица, арткы сегмент, рефракция жана рефракциялык хирургия, балдар офтальмологиясы жана көздүн чалырлыгы, окулопластика темаларына арналган докладдарды Россия Федерациясынан, Индиядан, Италиядан, Түркиядан, Өзбекстандан, Азербайжандан, Казакстандан, Тажикстандан келген офтальмолог-окумуштуулар жана өзүбүздүн адистер жалпысынан 100гө жакын докладдарды жасашты. Конгресстин катышуучуларынын ар бири ошол докладдардын баарын кунт коюу менен угуп, бири-бирине кызыккан суроолорду беришип, доклад боюнча талкууларды жүргүзүп жатканы конгресстин иштиктүү өтүп жатканын айгинелеп, бул конгресстин катышуучуларынын тажрыйба алмашып, офтальмология илиминдеги жаңылыктар менен таанышайын деген изги тилектери ишке ашкандай көңүлдөрү ток болуп, жүздөрүнөн конгресстин уюштуруучуларына болгон ыраазычылык жышаанасы байкалып турду. Конгресстин ишин эки күн бою коштогон он үч өлкөдө жасалган офтальмологиялык жабдуулардын жана керектелүүчү материалдардын көргөзмөсү конгресске катышкан 400дөй катышуучунун кызыгуусун жаратты. Ал эми Кыргызстанга биринчи жолу келген коноктор Ысык-Көлдү көрүп, кыргыз жеринин сулуулугуна, элинин меймандостугуна суктанышып, мекенине жагымдуу таасирлер менен кайта тургандай болушту жана алар конгресстин соңунда бири-бири менен «көрүшкөнчө» деп коштошуп жатышты.
Абдимухтар Абилов