Нооруз — Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науруз» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «руз» – “күн” деген маанини билдирет. Тарыхчылардын айтымында Нооруз байыркы перси, азыркы иран элинде биздин заманга чейинки экинчи кылымдан баштап майрамдалып келет. Ал Араб халифаты орногондон кийин бүтүндөй түрк элдерине жайылган маданият. Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок, Кыргызстан бул майрамды эгемендик алгандан бери майрамдап келет. Нооруз майрамы Совет доорунда өксүй түшкөнү менен 1986-жылы кайра куруу мезгилинде кайрадан жанданып, 1991-жылы 1-февралда Жогорку Кеңеште кабыл алынып, Президенттин чечими менен расмий түрдө майрамдалат.
Ноорузду шаан-шөөкөтсүз, сүмөлөксүз жана арчасыз элестетүү кыйын. Кыргызстанда аталган майрам ат оюндарысыз өтпөйт, ипподромдордо жана аймактарда жаа атуу, ат чабыш, көк бөрү, эр эңиш боюнча командалык мелдештер өткөрүлөт. Токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамында улуттук кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон. Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч жана эгиндин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган. Арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен. Илгери Нооруз күнү бир кош өгүзгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чыгышып, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан. Мына ушул улуу күн 2009-жылы ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген. Ноорузду дүйнө жүзү боюнча 20дан ашуун эл жана улут өкүлдөрү майрамдашат. Бул Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан, Өзбекстан, Пакистан, Иран, Ирак, Казакстан, Азербайжан, Түндүк Индия, Македония, Түркия жана башкалар.
Сүмөлөк
Кыштан араң чыккан айылдыктар, жазында дан эгини жок, ачкачылык каптап турган мезгилде кампаларындагы эң акыркы эгинди жыйнап, ортого коюшкан. Өсүп кеткен данды майдалап, казанга салып, аны «акыркы ырыскы» катары көрүп, «эгин бышканга чейин аман-эсен жетели», — деген тилек менен сүмөлөк жасоону салт кылып алган экен. Кыргыздарда бүгүнкү күндө көпчүлүк айылдарда сүмөлөк жасоо — ынтымактын символу катары ушул күнгө жеткен.
Аластоо
«Өзүбүздү, айланабызды, оюбузду тазарталы, таарынычтарды кечиришели» деген ой менен арча түтөтүп, ырым-жырымын жасашып, улуу кишилер батасын беришкен. Бул ырым жалаң гана Нооруз майрамында колдонбостон, акыркы учурларда той-топурларда символикалуу Умай Эненин катышуусу менен колдонула баштады. Эң кызыгы, «алас-алас» кыргыздарда эле кеңири колдонулуп, казактар кээде эле айтпаса, Ноорузду белгилеген башка элдер дээрлик колдонбойт экен.
Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас — деп аласташкан.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА