"Эркин-Тоо"

ОЮН-ЗООК ЖАРМАНКЕСИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Каракол шаарында өткөн эл аралык туристтик жарманке жыйынтыкталды. Үч күнгө созулган иш-чара кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн, кышкы туризмдин өнүгүү тарыхынын көргөзмөсү, Кыргызстанда өскөн күрүчтүн түрлөрүнөн жасалган палоо-шоу, мастер-класстар, оюнзоок, концерттик программалар жана турлар менен коштолду. Коронавирус пандемиясынан кийин пайда болгон идея быйыл экинчи жолу өтүп жатат. Себеби, ошол кезде туризм тармагына тартуу кыйын болчу. Баарынан да кол өнөрчүлөрүбүзгө оор болуп, алар өздөрүнүн товарларын сата албай калышкан. “Жарманкени өткөрүүнү кыш мезгилиндеги эс алуу учуру күч алган күндөргө пландаганбыз. Ошол мезгилде тоого лыжа тепкени чет өлкөлөрдөн туристтер көп келет. Биздин идеябызды Каракол шаарынын мэриясы, Туризм департаменти жана көптөгөн эл аралык өнөктөштөрүбүз колдошту», — деди Каракол дестинациясынын жетекчиси Альбина Алимова.

Бактыгүл КУЛАТАЕВА
№1 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!