Быйыл 1-декабрдан тарта оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын такси кызматында иштөөсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирип, такси кызматында иштеген айдоочуларды лицензия алуу үчүн документтерди өз убагында тапшырууга чакырды.
Башкармалыктын маалыматына караганда, таксист катары иштөө үчүн айдоочулар милдеттүү түрдө лицензия алышы керек. Документтерди кечиктирбей даярдоо зарыл, анткени мөөнөт 2025-жылдын 1-декабрында аяктайт.
Лицензия алуу үчүн талап кылынган документтер (жеке жактар):
-
унаанын техникалык паспорту же ишеним каттын көчүрмөсү;
-
техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу актнын көчүрмөсү;
-
жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисинин көчүрмөсү;
-
автоунааны күн сайын техникалык жана айдоочуну медициналык кароодон өткөрүү боюнча базага ээ жеке же юридикалык жак менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
-
үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү;
-
белгиленген формадагы медициналык маалымкат;
-
соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Белгиленген тартипке ылайык, оор жана анча оор эмес кылмыштар боюнча соттолгон жарандарга лицензия берилбейт.

