"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Пакистанда катуу сел кырсыгы катталды. 330 адам каза болду

Пакистанда катуу селдин кесепетинен каза болгондордун саны 330га жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Хайбер-Пахтунхва провинциясында каза болгондордун саны 307 адамга жетсе, Гилгит-Балтистан аймагында 12, Азад Кашмир аймагында 11 адам көз жумган.

Учурда Хайбер-Пахтунхвада дагы 32 адам дайынсыз жоголгон деп кабарланууда.