"Эркин-Тоо"

Пакистанда поезд рельстен чыгып кетип, 28 адам каза болду

Пакистандын темир жол министри Хаважа Саад Рафик, Карачиден Равалпиндиге бара жаткан поезддин Навабшахтын жанында рельстен чыгып кетип, 28 киши каза болуп, 50 дөн ашуун адам жаракат алгандыгын билдирди.

Кырсык техникалык бузулуунун  натыйжасында болушу мүмкүн экенин айтты.

Кырсык учурунда поездде канча адам болгону тууралуу так маалымат айтылган эмес. Жергиликтүү басма сөз кызматтары вагондордо көп адамдардын чыга албай калганын жана каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экенин кабарлады.

Эске салсак, 2021-жылдын июнь айында Пакистанда эки поезд кагышып, 63 жүргүнчү каза болгон.