Биз бул сапар кадимки залкар калемгер Памирбек Казыбаев менен чыгармачылыгы, үй-бүлөлүк жеке жашоосу тууралуу кеңири маанайда баарлаштык. Калемгер жубайы экөөнүн баш кошуп, түтүн булатканына элүү жылдын жүзү болгонун, жарым кылымдык үй-бүлөлүк очоктогу эриш-аркак чыгармачылык иштери, алп акын Алыкулга табынган жүрүшү боюнча сырларын жашырган жок. Өзгөчө жубайы экөөнүн өмүр жолундагы элүү жылдык ирмемдерди ностальгиялык сезимдерге берилүү менен жооп узатканычы… Эмесе, бул жагынан кызык маалыматтарга күбө болуңуздар…
— Памирбек Шоморович, Алыкултаануучу калемгер катары бул жааттан тапкан табылгаңыз эмне болду? Залкар инсандын өмүрүн изилдөөгө алган чейрек кылымдан ашуун убактыңыздын сарпталганына пендечилик кылып өкүнгөн убактыңыз болду беле?
— Акындын жашаган мезгил шартын, өлкө тарыхын чыгармаларынан баамдаганым, аларды замандаштары менен калемдештеринин айткан-дегендери, эскерүүлөрү жана адабий изилдөөлөр аркылуу толуктаганым болду. Албетте, мындай шартта убакыттын өткөнүнө эмес, Алыкултаануунун айдыңында жалпы кыргыз адабиятын таануунун далай маселелери эгемендиктин жылдарында козголгону менен, дале көңүл жылытарлык жылыштар жоктугуна өкүнөм. Мисалы, А.Осмонов боюнча көзү барында, андан кийинки мезгилдеги тыянак, пикирлер канчалык деңгээлде экендиги, акынды ойчул, кеменгер, философ катары чыгармачыл жактан мактоо-жактоолордун, ошондой эле орунсуз, ашепке тануу, жамандоолордун башталышы менен кийинки, соңку адабий-теориялык изилдөө-иликтөөлөрдүн жетимиш жылдык ал-абалын (1954, 1957, 1958) тереңден изилдеген илимий эмгектердин жазылбаганы, жакталбаганы ойго салат. Менимче, мындай иштерге, мамилеге С.Байгазиев агайдын 2025-жылы чыккан “Алыкул Осмонов – кыргыз поэзиясынын чолпону” аттуу китеби уютку жана үлгү болоорлук талдоолор, ой жүгүртүүчүлүк негизинде жазылганы менен айырмаланат.
Жарым кылым аралыгындагы жекече жана өлкө деңгээлиндеги көптөгөн окуялардын таасир эткен, эсте калган же өзүм катышкандарына кайрылсам: Жубайым Мистегүл экөөбүздү 1974-жылы тааныштырган Кыргызстандын 50 жылдыгы, Жеңиштин 30 жылдыгы, Аида кызыбыз төрөлгөн 1976-жылы Фрунзеде өткөрүлгөн Бүткүл союздук IX кинофестивалда “Ак кеменин” баш байгени алышы, Айтматовдун 50 жылдыгы, Ысык-Көл форуму (1986), Үркүндүн 75 жылдыгы, Ата-Бейиттин ачылышы (1991), Эгемендиктин жарыяланышы, Манас 1000, Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы, Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана Улуу жеңиштин 80 жылдыгы. Булардын баарына болбосо дагы айрымдарына үй-бүлөлүк катыштыгыбыз бар деп сыймыктанабыз.
— Дегеле Алыкул акын боюнча кылган иштериңиздин маанилүүлөрү кайсылар?
— Жалпысынан алганда 30га жакын иш-аракеттер жасалып, жүздөгөн макалалар жазылды. Алардын маанилүүсү деп төмөнкүлөрдү айтам: акындын Бишкектеги, Чолпон-Атадагы үйлөрүнүн сакталып, музейге айландырылышы, Сталиндик жана Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыктарынын таржымалдарынын такталышы, акындын акыркы кол тамгасы коюлган “Мой дом” китебинин Каптал-Арыктагы музейине тапшырылышы, “Жолборс теричен баатырдын” текстологиялык жактан редакцияланып, 7-10 басылыштары, акындын 20дан ашык замандаштарынан, калемдештеринен жана эң жакын адамдарынан ар түрдүү маалымат, фото ж.б. булактардын чогулушу, 200 сомдук банкноттогу туура эмес жазылган ыр сабын оңдотуп, кайра чыгартуу, акындын ар кайсы жылдары чыккан басылмаларын өзүнчө жана тематикалык жыйнак түрүндө жарыялоо. Ал эми соңку иштерден Токмоктогу балдар үйүндө музей уюштуруу, чыгармаларын башка тилдерге котортууну, алыскы чет өлкөлөрдө да Алыкултаануу ишин жөнгө салууну уюштуруу… Мындан тышкары акындын ысымы Бишкек шаарындагы №68 мектепке, Ысык-Көлдөгү кемеге менин демилгем менен коюлган.

— Илимий жолго түшүүнү максат кылган жок белеңиз? Дегеним, Алыкултаанууга кошкон салымыңызды илим менен айкалыштырсаңыз бери дегенде кандидат же доктор гана болбостон, балким Академиктик ардактуу наамды багындырмак беле деген пендечилик ойго көп алдыра берем…
— Илимпоздукка үндөгөндөрдүн демилгесинен баш тартуума диссертациялык иш кагаздарынын, эрежелердин көптүгү жана эң башкысы ушунча талаптар менен жазылган эмгегиңдин элге пайдасы канчалык болот деген ой – үйүн коргоп, оңдоп, музейин түзсөм кандидаттык, китептерин чыгарсам жана өзүм да изилдөө, тактоого салым кошсом докторлук иш болот да деген пикирге себепчи болгон эле. “Мезгил жана Алыкул” китебим үч ирет толукталып басылганы, мектепке, ЖОЖго кошумча окуу куралы катары сунушталганы, ал боюнча кино тасмалар тартылганы, шилтеме булак катары колдонулганы, Бишкек менен Чолпон-Атадагы үй-жайлары сакталып, музейлери түптөлгөнү, Токмоктогу №2 балдар үйү боюнча иштер акырындап ишке аша баштаганы, алгачкы Алыкултаануучу Шаршенбек Үмөталиев агайымдын жолун улап келатканым жогорудагы ой-пикиримдин ишке ашканы го деп туям. Ушул багытты туу тутуп, Алыкулдун Акбозун сүрөп калышыма тарыхчы жубайым Мистегүл Махмутбекованын руханий демөөрчүлүгү шык бергенине, үч үркөрүм деп эркелеткен Аида, Сыргак, Ариет балдарым да колдоо көргөзгөндөрүнө үй-бүлөбүздүн – кичинекей мамлекеттин жарым кылымдык тарыхында баса белгилеп, өзгөчө ыраазычылык билдирмекчимин. Жубайым Мистегүл – Үркүн темасын изилдеген, ушул боюнча илимий эмгекти кыргыз тилинде коргогон алгачкы кыргыз айымы. Эл агартуунун отличниги, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти. 1970-жылдарда Фрунзе шаарында кыргыз мектептеринин жоктугунан жана чек арачы Шомор атабыздын Памирдеги баскан жолу менен улуу тоолорго барып иштейли деген жаштык жигер менен Чоң-Алай жергесинде 7 жыл мугалимдик кесипте эмгектенип, эл-жер тааныдык. Атабыз ашкан Чыйырчык, Талдык дабандарынан өткөнүбүз менен айтылуу Ак-Байталдан ары Хорог, Мургабка жетпедик. Фрунзеге кайтканда мен китеп басмасында, жубайым Мистегүл тарых музейинде партия тарыхы институтунда, өзү бүтүргөн университеттин тарых факультетинде, Улуттук илимдер академиясында эмгектенип, адабиятыбыздын 1920–30-жылдардагы өкүлү Бөрүбай Кененсарин, Абрамзон, Бартольд, Бернштам жана Ленин, француз окумуштуусу Реми Дор ж.б. авторлордун чыгармалары жана “Манас”, “Үркүн”, Алыкул багытында иштедик.
— Эжебиз илимдин кандидаты, сиз атактуу Алыкултаануучу. Мындай үй-бүлөнүн чыгармачылыгын уул-кыздарыңыздар уладыбы? Же азыркы жаштарга бул чыйыр жат болуп калыптырбы?
— Негизи, балдарыбыз да көбүнчө адабият, тарых жагына ынтызарланганы менен ата-эне жолун улантышпады. Бирок, үчөө тең атасынын Алыкултаануу боюнча иштерин илгерилетүүгө колдон келген салымдарын кошконуна ыраазыбыз. Аида кызыбыз англис котормолорун редакциялоодо, соңку мезгилде кыргызчадан которууга кеңешчи катары жардамдашууда. Буюрса, эмдиги жылы күйөө балам Даут Кара экөөнүн Алыкулдун ырлары менен поэмаларын мажар-венгер тилинде чыгаруу максатындагы иштери, өзүнүн эл аралык мамиле адистигине да дал келип турат. Сыргак уулубуз Алыкул үй-борборунун чарбалык мээнети, жаштарга акынды кеңири таанытуудагы инсандык өрнөгү үчүн КР Айтматов мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, ал орноткон асабада кыргыз туусунун акындын үйү алдында желбиреп турушу зор сыймык экенинде талаш жоктур. Ариет кызыбыздын чыгыш таануу билими боюнча акындын төрт ырын Япониядагы “Дүйнөлүк акындар” сериясында япон тилинде жарыяланышында үлүшү бар.
А балким, асты жогорку окуу жайларды аяктап калышкан неберелерден бирөө биздин жолго чыгып калышы мүмкүн…
— Жарым кылымдан ашык өмүрүн чыгармачылыкка арнаган инсанга өлкөбүз мамлекеттик сыйлыктарды кызганган жокпу?
— Кудайга шүгүр, мамлекеттик сыйлыктардан деле куру болгон жокпуз. Манас 1000 медалы, КР Ардак Грамотасы, Алыкул 100 медалы жана акындын ысымындагы эки жолку адабий сыйлык. Жараткан ушул сыйлыктарды да кут кылсын! Башкысы, элдин сый-урматынан айырбасын…
— Калемгерлик “илхомуңуздун” ыңгайы келсе, жарым кылымдык үй-бүлөлүк очоктун сакталышын кантип “шилтеп” берет элеңиз?
— Үй-бүлөлүк очоктун табы барган сайын аптаптуу болуп баратканы бала-бакыранын амандыгында, көзү өтүп кеткен ата-эне, бир туугандардын арбагы ыраазы болгудай акыбетте жана элдин-жердин эсендигинде. Эң башкысы неберелердин кубанычтарына ортоктош, максаттарына тилектештикте деп ойлойм. Бир кезде биз үйлөнгөндө, андан соң неберелер төрөлгөндө ата-энелерибиз кандай сүйүнүшсө, биз дагы ошондой кубанычка ортоктош болсок деген тилек, аруу ниет.
Калыгул Бейшекеев

