"Эркин-Тоо"

ПАМИРБЕК КАЗЫБАЕВДИН 70 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ

Белгилүү Алыкул изилдөөчү, А.Осмонов атындагы сыйлыктын эки жолку лауреаты Памирбек Казыбаев билинбей 70 жашты арытты. Кыргыз кыйырына белгилүү калемгердин мааракелик салтанаты апта башында К.Карасаев атындагы БГУнун жыйындар залында “Алыкул жана алыкулчулар” аттуу поэзия кечеси менен башталды. Кечеге Тилектеш Ишемкулов, Токтосун Самудинов баштаган залкарлар, бир катар интелегенция өкүлдөрү катышып, Памирбек Казыбаевдин баскан жолу, чыгармачылыгы, кылган иш-аракети, а эң башкысы Алыкул акынга кылган кызматы тууралуу кызуу кептер айтылды. Кара жанын карч уруп, кайран залкар тууралуу атан төөдөй иш кылып жүргөн калемдешибиздин мааракелик салтанаты муну менен бүтпөйт. Алдыда да мааракенин шааниси өткөрүлмөкчү. Кызыгы, кыргыздын мындай залкар калемгерине келгенде мамлекеттик сыйлыктарды эмнеге аянып жатабыз ыя? Биз Казыбаевдин чыгармачылыгы тууралуу алдыда кенен сөз кылмакчыбыз.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!