Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде, төраганын орун басары Жылдыз Бакашова COVID-19 пандемия маалында илдетке каршы күрөшүүдө каза болгон медицина кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу маселесин көтөрдү.
Кеңешмеде Жылдыз Бакашова, кооптуу инфекция менен күрөшүүдө өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып, каза болгон медицина кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу ардактуу кесиптин өзгөчө маанилүүлүгүн билдирерин айтты.
«Пандемиянын оор шартында биздин дарыгерлерибиздин кесипке берилип иштеп, өз өмүрлөрүн тобокелдикке салуу менен адамдарга жардам колун сунуп, баатырдыгын көрсөтүштү. Биз алардын эрдигин ар дайым эсибизде сактайбыз. Келечек муун эпидемиологиялык абал кандай кымбат баа менен турукташтырылгандыгын билүүсү үчүн, алардын элесин түбөлүккө калтыруубуз керек», — деди ал.

