"Эркин-Тоо"

Панфилов районунда мамлекеттик органдардын кызматкерлерине диний экстремизмди алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

2023-жылдын 22-февралында Чүй облусунун Панфилов районунун Администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын 2022-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан экстремизмди алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү. Алсак, Кызмат тарабынан Панфилов райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте Чүй облусунун Панфилов районун акими Маил Аляскаровдун катышуусунда райондук администарция өкүлдөрүнө, мугалимдерге жана социалдык педагогторго жана укук коргоо органынын кызматкерлерине «Кыргызстандагы диний кырдаал, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар, экстремисттик материалдардын өзгөчөлүктөрү» темасында окутуу семинары өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга, “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” темалары боюнча атайын даярдалган баяндамаларды, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.
Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү диний туура маалыматтарды жана ишмердигине тыюу салынган уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү жөнүндө расмий булактарды кантип колдонсо болору тууралуу болду.

Ошондой эле мындай окутуу семинарларын, жолугушууларды ата-энелерге, айыл өкмөттөргө, укук коргоо жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө системалык түрдө өткөрүп туруу зарылдыгын белгилөө менен берилген суроолор боюнча иш-чарага катышкандар канаатандыраарлык жооп ала алышты.

Иш-чаралардын аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмди алдын алуу темалары боюнча 1000 ашык нускада буклеттер, эстеткичтер таратылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!