УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылйык Чүй облусунун ИИББнын Аламүдүн РИББ тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды.
Тергөөчүлөр КРнын “Н.Д.” аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.
2021-жылдын 10-ноябрында тергөөчүлөр Бишкек шаарындагы банктардын биринен “Б.К.Н.” аттуу жарандын банк картасы аркылуу “Н.Д.” өкүлү “А.И.” жарандарынан 70 миң сом алышып, 2021-жылдын 12-ноябрында тергөөчү “Г.М.Ш.” жаран “Н.Д.”га карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталды.
Кармалган Чүй облусунун ИИББнын Аламүдүн РИББ тергөөчүлөрүнүн бири, “Г.М.Ш.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда.
too.kg/wp-content/uploads/2021/11/whatsapp-image-2021-11-15-at-09.51.58-1.jpeg?v=1636950040″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=25359″ class=»wp-image-25359″ />
too.kg/wp-content/uploads/2021/11/whatsapp-image-2021-11-15-at-09.51.59.jpeg?v=1636950043″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=25360″ class=»wp-image-25360″ />
too.kg/wp-content/uploads/2021/11/whatsapp-image-2021-11-15-at-09.51.58.jpeg?v=1636950045″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=25361″ class=»wp-image-25361″ />