"Эркин-Тоо"
Спорт

Пара Азия оюндарында жеңишке жеткен спортчуларга сыйлыктар тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан Ханчжоу (Кытай Эл Республикасы) шаарында өткөн IV Азиянын пара оюндарына катышып жеңиш менен кайтып келген кыргызстандык спортчуларды куттуктады.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

Биринчи орунга 1 млн 250 миң сом, экинчи орунга 750 миң сом, үчүнчү орунга 500 миң сомдук акчалай сыйлыктардын сертификаттары каралган.

Эскерте кетсек, Пара Азия оюндарында кыргызстандын курама командасы 4 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 1 коло) жеңди.

Парадзюдо боюнча 48 кг чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы алтын медаль тагынса, пара жеңил атлетика боюнча Жалалидин Абдувалиев 2 күмүш медалга, Гүлназ Жүзбаева коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, пара Азия оюндары 20-30-октябрь күндөрү өттү. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика,пауэрлифтинг,теннис,сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 27 спортчу катышты. Мындан сырткары курама командада машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери бар.