Парламент “Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоп берди. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. Анда Жалал-Абаддагы Параканда – Баракелде, Нарындагы Большевик — Баялы Исакеев, Таластагы Новодонецк – Айтматов, Чүйдөгү Чоң-Арык – Сыйдалы, Ысык-Көлдөгү Теплоключенка — Ак-Суу айылы деп кайра аталсын деген сыяктуу сунуштар киргизилген.