"Эркин-Тоо"

ПАРАКОРЛОРДУН КАТАРЫ КАЛЫҢ ЭКЕН

Мамлекеттин казынасын тоноо, кылмышын жаап-жашыруу, коррупциялык схемаларды жең ичинен иштетүү илдети абдан тамырлашып кеткен экен. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөнү өстүрбөгөн бул илдет менен күрөштү баштагандан бери далай эле аткаминерлер паракорчулукка шектелип кармалып, айрымдары абакта жатат. Эң эле коркунучтуусу алардын катары суюлбагандыгында. Акыркы бир аптада эле 4,5 паракор кармалып, күнөөсү далилденди. Өзүн мекенчил инсан катары көрсөткөн, башкалардын күнөөсүн таап айыптаган, интеллекти бийик, таза адаммын деген айрым чиновниктердин да паракорлукка аралашканы далилденип жатат.

Жакынкы күндөрдө УКМКнын кызматкерлери «Токмок сууканал» ишканасынын директорунун орун басарын муниципалдык менчикти сатууну жашыруу максатында 60 миң сом пара берип жатканда кармаган. Мындан тышкары “Альфа Телеком” ЖАКсында сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталып, MegaComдун мурдагы жетекчиси кылтакка түштү. Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө боюнча адиси К.Р.С. жана башкы адиси А.Д.К. кармалды. 20 000 АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А колго түштү. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Автомобильный” ТүндүкЧыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.У.М. кармалды. Мындан тышкары Энергетика министринин орун басары М.Ж. жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кылтакка илинди. Сокулук РИИБнин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн коштоо тобунун кызматкери С.А., ошондой эле КР жарандары Э.А. жана А.Ж. кармалып, камакка алынды. Бул бир апта аралыгында бети ачылган кылмыш иштери. Буга чейин далай эле мамлекеттик кызматкерлердин былыгы билинип, жазасын алышкан. Ошентсе да паракорлор өздөрүн тыя алышпады.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына берген акыркы маегинде мындан ары паракорлор менен күрөштө аёо болбосун да эскерткен. Бирок, өз көмөчүнө күл тарткандар эч нерседен артка тартпай калгандыгы өкүндүрөт.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№52 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 30-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!