Парламент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды. Жыйынга катышкан 69 депутаттын баары ага «макул» деп добуш берди.
Анын талапкерлигин Садыр Жапаров сунуштаган.
Максат Асаналиев буга чейин Ош облусунун прокурору болуп иштеген.