"Эркин-Тоо"

Жүзүн толук жапканга 20 миң сом айып

Жогорку Кеңеш 26-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.

Депутат Дастан Бекешев долбоордо жүзүн жаап жүргөн жаранга салынчу айыптын көлөмү 20 миң сом деп көрсөтүлгөнүн айтып, аны 5 миң сомго түшүрүүнү сунуштады.

“Себеби автоунаанын айнегин караңгылатканга, сойкулукка 20 миң сом айып каралган, бейбаштыкка 5 жарым миң сом, коюлган чектен 60 чакырым саат ашыкча ылдамдык менен айдаганга 15 миң сом, ал эми жүзүн толук жапканга 20 миң сом айып. Бул эмне дегени? Жөлөк пулду алсак, араң эле 8 миң сомго чыгат. Ачык айтсак, жүзүн жамынгандардын көбү жакыр жашагандар”, — деди Бекешев.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов айыптын көлөмүн азайтууга каршы экенин айтып, азырынча ушул шартта иштетип көрүүнү сунуштады.

Пример HTML-страницы