"Эркин-Тоо"

Парламент Эмгек кодексинин жаңыртылган долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду экинчи жана үчүнчү окууда карап, кабыл алды. Аны кабыл алууга 79 депутат макулдук берген.
Жаңы редакцияда майрамдар жумуш күнү жана жумуш эмес күнү деп экиге бөлүнөт. Жумуш күнү деп эсептелген майрамдар:

23-февраль (Ата Мекенди коргоочулардын күнү), 7-апрель (Апрель элдик революциясынын күнү), 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү).
Жумуш эмес майрам күндөрү: 8-март, 21-март, 5-май, 9-май жана 31-август. Бул күндөр жумуш эмес күндөр болуп эсептелет.
Жаңы жылдык эс алуу: 1-2-3-4-5-6-январь. Бул күндөр да жумуш эмес күндөр болуп
эсептелет.
Май айындагы каникулдар: 1-2-3-4-6-7-8-май. Бул күндөр да жумуш эмес күндөр
болуп эсептелет.
Ошондой эле төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталган:
— иш берүүчү тарабынан эмгек акыны төлөө, өргүүгө акы төлөө, жумуштан бошогондо
эсептешүү жана башка төлөмдөр мөөнөтү бузулган учурда туумдун ставкасынын
бирдиктүү пайызын 0,25% кылып белгилөө;
— эмгек акыны өндүрүү жөнүндө талаш-тартыштар боюнча дооматтын эскирүү
мөөнөтүн 3 жыл деп белгилөө;
— карыздын кечиктирилген суммасын төлөөдө пайыздык чен боюнча чектөөнү алып
салуу; — эмгек акыны кесиптик стандарттардын негизинде аткарылуучу иштин санына,
сапатына жана татаалдыгына жараша аныктоо;
— акы төлөөдө эмгек үчүн мезгилдик, сааттык, жекече акы төлөөнү колдонуу;
— квалификациясыз эмгек үчүн акынын минималдуу өлчөмүн эмгекке жарамдуу
адамдын жашоо минимумунун өлчөмүнө чейин баскыч менен жогорулатуу
принцибине ылайык, республика боюнча белгилөө;
— эмгек келишимин электрондук түрдө түзүү; — эмгектик укук ченемдерин камтыган
локалдуу ченемдик актылар;
— электрондук эмгек китепчесин жүргүзүү сыяктуу эмгек келишиминин, эмгек
мамилелеринин шарттарынын жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү;
— тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишими менен аралыктан жана
комбинацияланган ишти белгилөө мүмкүнчүлүгү;
— айкалышкан аралыктан иштөө, квалификациялардын улуттук алкагы,
квалификациялардын улуттук системасы, кесиптик стандарт, дуалдык окутуу деген
сыяктуу жаңы түшүнүктөр менен толуктоо;
— эмгек келишимин бузуу; эмгек талаш-тартыштары сыяктуу мамлекеттик
кызматчылардын эмгек мамилелериндеги маселелерин жөнгө салуу;
— кош бойлуу аялдардын, эмчек эмизген аялдардын эмгегин оор жумуштарда жана
эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда колдонууга тыюу салган
чараларды белгилөө;
— майыптыгы бар адамдар үчүн да, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн да жумуш
орундарын квоталоо боюнча чараларды белгилөө.

Пример HTML-страницы