"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Парламент фейктер тууралуу мыйзам долбооруна кайрадан добуш берип колдоду

Жогорку Кенеште мындан бир ай мурда өтпөй калган «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлуп, колдоо тапты.
Эскерте кетсек, бул документ бир ай мурун 59 депутат макул, 38и каршы добуш берип, колдоо таппай калган.

Демилгечи депутаттар Айнура Осмонова менен Гүлшат Асылбаева кайра добушка коюуну сунуштаган. Ошол учурда депутат Аккулу Бердиев мурда жаңылып добуш берип алганын айтып, ал да кайра добушка коюуну суранды.

Натыйжада добушка коюлуп, 97 депутат макул, бешөө каршы болду.

Белгилей кетсек, 30-июндагы жыйында аталган мыйзам долбооруна добуш берилип, алгач 64 депутат макул, 32 эл өкүлү каршы болгон. Бирок депутат Акулу Бердиев добуш берүүгө жетишпей калгандыктан экинчи ирет добушка коюлган. Анын жыйынтыгында 59у макул, 38и каршы болгон. Мыйзам өтүшү үчүн 61 депутаттын добушу ьалап кылынган.