"Эркин-Тоо"

Парламент Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдоду

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү боюнча арызын канааттандырды.

Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу Президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.

Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын башкы прокурорлук кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин сунуштады.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!