Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «парламент тарайт, референдум өтөт» деген кептерди четке кагып, тескерисинче Жогорку Кеңеш иштей турганын билдирди. Анын айтымында, соңку убактарда саясатчылар арасында ар кандай такталбаган маалыматтар тароодо. «Акыркы күндөрү айрым саясатчылар «өлкөдө референдум болот, парламент тарайт, депутаттардын саны кыскарат» деген сөздөрдү таратууда. Мунун баары суу кечпеген сөздөр. Алдыда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болот. Аны татыктуу, таза өткөрүшүбүз керек. Андан башка саясий өзгөрүүлөр болбойт жана мыйзам чегинде иштер жүрөт», — деди спикер.