Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган Пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга карата милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өттүү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов баштаган тиешелүү министрликтердин, жарандык коомдордун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Талкуу маалында Ырысбек Атажанов өлкөгө кайткан этникалык кыргыздар тууралуу кеп козгоп, аларга пенсия чегерүү жаатында кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева КМШ алкагында түзүлгөн келишимге ылайык, 1992-жылга чейинки эмгек стажы болсо пенсия чегерүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп, эгер жок болсо жөлөк пул гана берилээрин билдирди.
Мындан тышкары пенсияга чыгуу курагын көтөрүү мүмкүндүгүнө байланышкан маселелер көтөрүлүп, буга себеп катары жүйөлөр айтылды.
“Улуттук статистика комитети жыл сайын жашоо узактыгы 3,5-4 айга өсүп жатканын билдирүүдө. Ага ылайык, азыр аялдардын өмүрүнүн узактыгы орточо 76 жашты, ал эми эркектердин 68 жашты түзүүдө”, – деди Гүлнура Жуматаева.
Ал эми Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова электр энергиясы үчүн компенсация төлөө ченемин жаңы пенсия чектөөдө жоюу сунушу катаал кадам экенин белгилеп: “Муну менен катар иштеп жаткан пенсионерлерге пенсиянын базалык бөлүгүн бербөөнү сунуштап жатасыңар. Бул туура эмес. Аларды конституциялык укугунан чектөөгө кандай акыңар бар. Андыктан ар бир сунушту негиздеп бергиле”, – деди.
Ошондой эле депутат Камила Талиева реформаны ишке ашырууда аймактардын өзгөчөлүгүн эске алуу зарылчылыгын белгилеп, буга чейин да ар кандай демилгелер көтөрүлгөн менен каржынын жоктугунан ишке ашпай калганын эске салды.
Андан тышкары, Кыргызстан пенсионерлер партиясынын төрайымы Замира Шабданалиева пенсиялык саясат боюнча жарандарга маалымат жетишсиз экенин белгилеп, бардык айыл-шаарларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгына токтолду.
Талкуунун соңунда комитет төрайымы Динара Ашимова айтылган ар бир сунушту эске алуунун маанилүүлүгүн белгилеп: “Ошондо гана жүргүзүлгөн реформа ийгиликтүү ишке ашырылат”, – деди. Муну менен катар бир катар сунуштамалардан турган чечим кабыл алынып, ал эми 2023-2026-жылдарга карата милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун кийинкиде да талкуулоо демилгеленди.