"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Парламенттик шайлоо: №9 округдан 8 талапкер арыз берди

ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча №9 шайлоо округунан (Кара-Суу районунун Савай, Ынтымак айыл аймактары; Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Куршаб, Жалпак-Таш, Кароол, Дөң-Булак айыл аймактары, Өзгөн шаары) төмөнкү талапкерлер арыздарын беришти:

1. Жумаев Байыш Эркебаевич – 1986-жылы 19-апрелде туулган. Жеке ишкер;

2. Камбардинова Рахат Махмутжановна – 1977-жылы 3-мартта туулган. №62 кесиптик лицейдин директору;

3. Даут Ахунов Сардарбек Исмаилжанович – 1991-жылы 16-августта туулган. Өзгөн шаардык Салижан Шарипов атындагы №1 орто мектебинин соц. педагогу;

4. Абитов  Женишбек  Эсеналиевич – 1970-жылы 28-июнда туулган. КР ИИМдин ардагери, пенсионер;

5. Толтоев Эрнис Мукашбекович – 1986-жылы 15-декабрда туулган. Убактылуу иштебейт;

6. Кантороев Кубанычбек Абылтаевич – 1957-жылы 7-ноябрда туулган. Пенсионер;

7. Талипов Чынгыз Базарбаевич – 1982-жылы 23-мартта туулган. Убактылуу иштебейт;

8. Токтомуратова Гульпери Абдылдаевна – 1979-жылы 8-ноябрда туулган. «Гүлзор» балдар бакчасынын директору.