"Эркин-Тоо"
Күнсобол Эркин Тоо гезити

ПАРЛАМЕНТТИН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ТАРКАШЫН КОЛДОЙСУЗБУ?

Мына ушундай суроону берели дедик. Коомчулукта, саясий элитанын арасында, айрыкча Жогорку Кеңештин ичинде бул тема актуалдуу болуп жатат. Мындай күбүр-шыбыр сөздөрдөн улам БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун “Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр” деген кеби бир топ талкууларга жем таштады. Мындай шартта биз VII чакырылыштагы парламент өз мөөнөтүнүн акырына чейин иштеши керек беле? Дегеле Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркашы колдоого аларлыкпы? – деген соболдор менен аттуу-баштуу инсандарга кайрылдык.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров: “Шайлоону мыйзамдуу мөөнөтүндө өткөрүү зарыл”

— Учурдагы VII чакырылыштын депутаттары Жогорку Кеңеш менен Президенттин шайлоо жөнүндөгү (Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы. 2011-жылдын 2-июлу №68) Конституциялык мыйзамга ылайык аралаш (партиялык жана бир мандаттуу) курамда шайланып келишкен. Ошол мөөнөт ичинде шайлоо жөнүндө жаңы мыйзамды кабыл алып беришти. Эми келечекте жаңы мыйзам жана жаңы ыкма менен шайлоо өтмөкчү. Аталган мыйзам талкуу болуп жатканда эл арасында мөөнөтсүз шайлоо тууралу көп сөздөр болгон. Ошол мезгилде азыркы Төрага Нурланбек Тургунбек уулу бул боюнча Мамлекет башчысы менен пикир алышкандыгын, мөөнөтсүз шайлоо болбой тургандыгын жогорку трибунадан билдирген. Аныгында эл өкүлдөрү өздөрүн өздөрү таратуу ыйгарым укугуна ээ. Ал үчүн депутаттардын жалпы санынын 3/1и демилге көтөрүшү мүмкүн. Демилге албетте, басымдуу көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Мен жакында депутат Жанар Акаевдин парламенттик жана президенттик шайлоо боюнча интервьюсун көрдүм. Менимче, мурдагы кесиптешимдин айткан пикирлери негиздүү. Албетте, негизи стабилдүү шайлоо өз учурунда өтүш үчүн келечекте жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин шайлоолорун бир мезгилге жана Конституциялык мөөнөткө ылайыктоо зарыл деп ойлойм. БШК парламенттик шайлоону өткөргөнгө даяр болсо, белгиленген мөөнөттө шайлоого катышууга шайлоочулар деле даяр го деген ойдомун.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмазбек Эргешов: “Парламенттик шайлоонун быйыл өткөнү туура болмок”

— Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда тарай турганы боюнча күбүр-шыбыр кептер элдин оозундагы лозунг сыяктуу айтылып жатканына 6-7 ай болуп калды. Мындай кептерди айрымдар акырындап “жылжыта” чыгарып отурушуп, элдин кулагын кадимкидей көндүрүп коюшту. Жеке менин көз карашым, парламенттик жана президенттик шайлоонун бир жылда болгону туура эмес. Эки шайлоонун ортолорунда куру дегенде 2 жылдык убакыт болсо жакшы болмок. Бюджетке дагы жүк болбой… Бир эседен эл үчүн дагы ойлонгонго убакыт болмок. Буга чейинки тарыхыбызда революциялардын бардыгы шайлоодон кийин болгон. Ошондуктан, парламенттик шайлоонун быйыл өткөнү туура деп ойлойм.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева: “Гендердик саясатта астыга оздук…”

— Шайлоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңештин тарашы логикалык жактан да туура келет деп ойлойм. Жаңы мыйзамдын эрежелери менен жаңы депутаттар шайланып келиши керек. Алдыдагы келе турган Жогорку Кеңеште гендердик саясат мыйзам талаптарына толук кандуу жооп берээри мени кубандырды. Муну менен биз гендердик саясатта Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен астыга оздук десем жаңылышпайм.

Укук коргоочу Качкын Булатов: “Таратуу демилгесин колдойм”

— Бул чакырылыштагы парламентти мөөнөтү бүтө электе таратуу демилгесин колдойм. Анткени, аракеттеги чакырылыштын мыйзамда каралган мөөнөтү эмдиги жылдын соңунда бүтүп, парламенттик шайлоо ноябрь айында өтөт экен. Эми элестеткиле, 2026-жылдын ноябрь айынын соңу парламенттик шайлоо, арадан туура 2 ай өткөн соң 2027-жылдын январь айы өлкөбүздө президенттик жарыш болгону турат. Парламенттик шайлоодон соң ниети бузук күчтөр жеңилүү ызасы менен өлкөгө баш аламандык же тоз-тополоң уюштуруп жиберишсе, анда 2 айдан кийин президенттик шайлоонун өтүшүнө доо кетет да, туурабы? Ошондуктан, азыркы чакырылыштагы эл өкүлдөрүн дароо таратып, жаңыдан шайлоо жарыяланышы керек. Кыргыз парламенти кийинки чакырылышта күчтүү эл өкүлдөрүнөн куралышы зарыл.

Коомдук ишмер Кубат Болотканов: “Парламенттин тараар-тарабашы эл үчүн маанилүү эмес”

— Ачыгын айтканда, парламенттик башкаруудагы өлкө болбогондон кийин азыркы парламент тарайбы, тарабайбы элге баары бир болсо керек. Анын үстүнө учурдагы парламенттин 15-20 эле депутатын тааныбасак, калганын эл билбейт. Ал эми 30 округдагы шайлоонун кандай өтөрүн да алдын ала айтыш кыйын. Менин жеке оюмда, Жогорку Кеңешке болгон шайлоо партиялык тизме аркылуу өтсө дурус болмок. Бирок, биз келечекте кайра эле партиялык жолго барабыз деген ойдомун. Партиялардын парламенттеги “даңазалуу доорун” көрүп калбадык беле. Ошол себептен болсо керек, азыркы чакырылыштагы депутаттарга алымсынбайбыз.

Калыгул Бейшекеев