"Эркин-Тоо"

Паспортту онлайн алууга шарт түзүлдү. Кезек күтүүнүн кереги жок

Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдындагы калкты каттоо департаментинин директору Арсен Минбаев “Түндүк” системасында жаңы мамлекеттик кызматтар пайда боло турганын билдирди. Мисалы, жарандар  эми паспортту онлайн алса болот. Бул үчүн арыз берип, сүрөткө түшүү керек. Калкты тейлөө борборуна келип, кезек күтүүнүн кереги жок. «Бардыгын система жасайт. Ал эми даяр паспорт жарандын үйүнө жөнөтүлөт. Ушундай эле системаны чет элдик паспортту алууда жана жашаган жери боюнча катталууда киргизүү пландалып жатат. Жарандардын жеке маалыматы коопсуз сакталат»,-деди Минбаев.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!