"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Патент алган жарандар үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы патенттин негизинде иштеген жарандар үчүн каттоо жол-жобосу жеңилдетилгенин маалымдады. Жаңы тартип 2025-жылдын 29-октябрында Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин күчүнө кирди.

Эми Салык кызматынын электрондук системасы аркылуу патент алган жеке жак патент берилген учурдан тарта автоматтык түрдө салык органында катталат. Ал үчүн мурдагыдай салык мекемесине барып, өзүнчө каттоодон өтүүнүн кереги жок.

Салык кызматы билдиргендей, патенттин негизинде иштеген жеке ишкерлер же жеке жактар тиешелүү аймактан патент алганда да арыз жазбай, ошол жерде автоматтык каттоого алынат.