"Эркин-Тоо"

Педиатр Айжан Кубанычбекова: «Балдардын туура тамактануусуна маани берүү зарыл»

Балдар дарыгери Айжан Кубанычбекова балдарды тамактандырууда качан, кандай, эмнелерди берүү маанилүү экендигин жана баланын калыптануусуна таасирин тийгизген факторлор тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: “Жашылчалар. эт жумуртка, балык берүү пайдалуу. Ден соолукту аба, суу менен чыңдоо деген бар. Баланы ысык-суукка акырындык менен көндүрүү зарыл.

Коомдо балдарды ашыкча коргоп, көңүл бөлүп, көңүлүнө карап, ою менен болгон ата, апалар бар. Ашыкча коргоо баланы өз алдынча калыптануусун кечеңдетет. Мисалы айрымдар жашап жаткан үйлөрүнө чаң жугузбай тазалайт, антисептикти ашыкча колдонот, балдарын эшикте буюмдарды кармап ойноосуна чектөө коёт, суу, ташты карматпаган сыяктуу көрүнүштөр бар. Бактерияларга туруштук бере албай көп ооруганы байкалат. Керек учурда баланы өзүнчө коюп, талап кылганды  кичинесинен  акырындык менен калыптандыруу керек.

Ал эми ар бир ата-эне гадежеттерди балдарына берүүдө  сааты менен колдонууга өзгөчө көңүл бурса дейм”, — дейт.

“Кээ бир ата энелер балдарынын ден соолугун чыңдайм деп ар түрдүү витамин, баддарды беришет. Медицинада ашыкча берүү зыян алып келет. Түрдүү компаниялардын бадыларын врачтын көрсөтмөсү жок, мөөнөтү белгисиз каражаттарды берүү болбойт”, — деп кошумчалады.

Баары туура кам көрүүдөн башталат

Ден соолугу чың, акылы тунук, билимдүү бала ата-эненин гана эмес коомдун инсаны болот. Алардын жашоо, сырткы дүйнөгө болгон көз карашы да өзгөчө болот дешет психологдор. “Балага жакшы тарбия берүү ата энеден көз каранды дейт элем. Ата-эненин билими, өзүн алып жүрүүсү балага түздөн-түз таасир тийгизет. Негизинен үйдөгү атмосфера баланын өсүп өнүгүүсүнө, тарбиялуу, адептүү, коомдук инсан болушуна жардам болот. Z мууну деп жатабыз, бул көз караштан алганда мындан 20, 30 жыл мурунку баалуулуктар өзгөрдү. Баланын  үйдөгү, айланасындагы  психолиялык абалга да баам сала жүрүү зарыл”,- дейт дарыгер.

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!