Кытайдын Пекин шаарында Кыргызстандын маданий борбору ачылат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары жыйында “2023-жылдын 18-майында Сиань шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы өз ара Маданий борборлорду түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун үч окууда колдоду.
Мыйзам долбоорун маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова тааныштырды.
Анын айтымында, мыйзам долбоору улуттук маданиятты чет өлкөлөрдө жайылтуунун эффективдүү инструментин түзүү жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатында иштелип чыккан.
Белгилей кетсек, Кыргыз маданий борборун түзүүгө Кытай жараны Пэн Сяолань демөөрчүлүк кылат. Ал Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп саналат. Белгиленгендей, Кыргызстандын маданий борбору Пекин шаарында жайгашат.
Мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

